DiscoverАзаттык үналгысы
Азаттык үналгысы
Claim Ownership

Азаттык үналгысы

Author: ЭЕ/АҮ

Subscribed: 3Played: 12
Share

Description

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.
26 Episodes
Reverse
Коомдо кызуу талкуу жараткан "Күн кармаган бала" спектаклинин режиссеру Уланмырза Карыпбаев "Элдин балдары" подкастына маек курду. Ушул тапта Астанадагы Азербайжан Мамбетов атындагы мамлекеттик драма жана комедия театрынын башкы режиссеру болуп иштеп жатат.
"Элдин балдары" подкастынын алгачкы коногу Facebook, Uber, Snapchat, Shell сыяктуу белгилүү компанияларда эмгектенген Эмил Билгазиев.
"Азыркы кыргызстандык" түрмөгүндө Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Наргиза Назаралиева тууралуу айтып беребиз. Каарманыбыз короо-жай үчүн зым тосмо жасайт. Эки ай мурда социалдык келишимдин негизинде мамлекеттен 100 миң сом алган.
"Азыркы кыргызстандык" түрмөгүндө 61 жаштагы студент Калысбек Тагаев тууралуу айтып беребиз. Ал Жалал-Абаддагы "Нур" коллежинин экинчи курсун аяктап жатат. Келечекте башталгыч класстын мугалими болот.
"Азаттык" бул жолу Жалал-Абаддын облус борборунан 350 чакырым алыста жайгашкан Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына барды. Өмүрүнүн 40 жылын тигүүчүлүккө арнап, айылдын кыз-келиндерине да жумуш таап берген 75 жаштагы Байскан Көчөрбаева боюнча айтып беребиз.
Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы тургуну Айтурган Кочкорова "Резин Арт" технологиясын үйрөнүп, түркүн буюмдарды жасап сатат. Анын кол эмгегинен чыккан буюмдарга кызыгып, Москвадан бери буйрутма бергендер бар. Чайырдан же эл арасында айтылгандай смоладан буюм жасоого кызыккандарга сабак өтө баштады. "
Жалал-Абадда таштандыны кайра иштеткенди колго алып, чакан ишкана ачкан Амирбек Масиралиев тууралуу айтып беребиз.
“Азыркы кыргызстандык” подкастында Таш-Көмүр шаарында жаштардын, жалпы эле окурман талабына жооп берген коомдук китепкана ачам, ошону менен аң-сезимди өзгөртөм деген Чыңгыз Урматалиев менен баарлашабыз. Коворкинг деген эмне? Жаштардын талабына жооп берген китепкана кандай болот?
Айжамал Асылбекова шарты катаал, кышы оор Чаткалда кыз-келиндин ажарын ачып, сулуулук тартуулайт. Анын салонуна жеткинчектерден тартып, жүзү ысык-суука башкан тоолук мырзаларга чейин тартылып турат. "Азыркы кыргызстандык" подкастында элдин алкышына арзыган Айжамал тууралуу баяндайбыз.
Кыргызстандык таланттуу скрипач Жумаш Дурусалиев өткөн аптада Копенгагендеги консерваториянын чоң залында жеке концертин берди. Ал азыр Даниянын падышалык оркестринде ойнойт, таланты жана билими үчүн ага Даниянын өкмөтү атактуу мастер Антонио Страдивари даярдаган байыркы скрипканы ыйгарган.
Айдай Максатбекова бир канча ай мурун шаарда англис тилиндеги китептер сатылган алгачкы дүкөнүн ачкан. Жакында эле Шаржа шаарында өткөн «Китеп сатуучулардын эл аралык конференциясына» катышып келди. Айдай бул иш-чарада Борбор Азиядан чакыруу алган жалгыз катышуучу болду.
17-февралда дүйнөлүк Science илимий журналына кескелдириктер өз куйругун кантип кесип жиберишин түшүндүргөн илимий иш жарыяланды. Анын авторлорунун арасында кыргызстандык Ажымурат Орозалиев дагы бар. Жаш окумуштуу менен Нурболот Азамат маектешти.
"Азыркы кыргызстандык" подкастынын бүгүнкү каарманы, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Ильяс Каныбек. Учурда ал климаттын өзгөрүшүнүн тоолуктарга тийгизген таасирин иликтеп жүрөт. Ошондой эле чоң атасы менен бирге Жорж Оруэллдин «Айбан ферма» чыгармасын кыргызчага которгон.
«Азыркы кыргызстандык» подкастынын бул жолку каарманы төкмө акын, коррупцияны ашкерелеп ырдаган, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин шакирти Болот Назаров.
"Азыркы кыргызстандык" подкастынын кезектеги каарманы кинорежиссер Ильгиз Шернияз. Ал “Фрунзе” деген аталыштагы документалдык тасмасында Бишкектеги абанын булганышы тууралуу көйгөйдү көтөргөн. Кинорежиссер менен "Азаттыктын" практиканты Жылдыз Арыстанбек кызы маектешти.
«Азыркы кыргызстандык» подкастынын бул жолку каарманы кыргызстандык балбан, жакында эле Сербияда өткөн эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону наамына татыган Эрназар Акматалиев.
Чет жактагы журтташтардын арасында балдарга кыргыз тилин үйрөтүү маселеси көйгөйгө айланып келет. Бермет Америкада төрөлүп, чоңоюп жатканына карабастан кыргыз тилинде так сүйлөп, акындардын ырларын жатка билет. Анын атасы Бакыт Абдишов балдарына эне тилин үйрөтүүнүн сырлары менен бөлүштү.
«Азыркы кыргызстандык» подкастынын кезектеги каарманы Стамбул университетинин докторанты, ветврач Жаңылбүбү Маматова.
"Азыркы кыргызстандык" подкастынын бул жолку коногу АКШдагы кыргызстандыктардын диаспорасынын лидерлеринин бири Бакай Оморов.
Азаттыктын «Азыркы кыргызстандык» рубрикасынын бул жолку каарманы Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Salt peanuts» жаз тобунун негиздөөчүсү Бакыт Кыдыкбаев.
loading
Comments