Азаттык үналгысы

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.

Азамат Алтайдын ЖАМУдагы мурасы

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасында коомдук ишмер Азамат Алтайга (Кудайберген Кожомбердиев) арналган бурч бар. Анда Азамат Алтай чогултан «Ала-Тоо» журналынын, “Кыргызстан маданияты” гезитинин ондогон нускалары жана үй-бүлөлүк архиви сакталып турат.

05-17
13:19

Фатима Абдалова: "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"

"Азаттыкта" иштегендер арасында акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Фатима Абдалова дагы бар. «Азаттыктын» 70 жылдыгына карата Фатима Абдалованы студияга чакырып маектештик. Кубат Оторбаев менен интервьюсунда ал журналистика, чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.

03-28
25:50

Азамат Алтай: Кыргыз деген атты өчүрбөй жүрдүм

СССР маалында "Азаттык" радиосу кантип уюшулуп калган, кимдер иштеп, угармандар кандай таасир алышкан? 1953-жылы радионун кандай түптөлүп, кансыз согуш жылдары кандай иштегенин "Азаттыктын" кыргыз кызматын негиздегендердин бири Азамат Алтай 2004-жылы октябрда Венера Сагындык кызына айтып берген.

03-20
23:03

Кожогелди Култегин: "Кээде жаран катары айрым маалыматтарды чектеп койчумун"

Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегинди “Азаттыктан” кийин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, Кыргызстандын түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятын сүрөгөн ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп иштеген. Аны менен радиодогу ишмердиги тууралуу маектештик.

03-20
29:25

Ырысбай Абдыраимов: "Аксы окуясынан ар бир бийлик сабак алыш керек"

Ырысбай Абдыраимов 20 жылга жакын убакыт "Азаттыктын" Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчысы болуп иштеген. Ал коомдук-саясий урунттуу окуялардын көбүнө түздөн түз журналист катары катышкан. 2002-жылдагы Аксы окуясын утурлай, ошондой эле "Азаттыктын" 70 жылдыгына карата аны менен маектештик.

03-17
18:14

Добушу таттуу Бактыгүл - "Азаттыктын" алгачкы аял кабарчысы

"Азаттык" радиосунун эң алгачкы аял кабарчысы, Бактыгүл деген ысым алдында 24 жылдай добушу ободо жаңырган Майра Жакып келинин эскеребиз. "Азаттыкты" түптөгөндөрдүн бири Төлөмүш Жакып уулунун жубайы 2014-жылы Мүнхен шаарында 76 жашында дүйнө салган.

03-14
21:03

Тынчтыкбек Чоротегин: "Азаттык" - Кыргызстандын эркиндигинин көрсөткүчү"

Сөз эркиндиги жана өлкөнүн эгемендиги тууралуу кеп кылганда “Азаттыктын” ролу эбегейсиз экендиги талашсыз. “Азаттыктын” Кыргызстанда түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсандардын бири - Тынчтыкбек Чоротегин. Ал ““Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору болуп бир топ жыл иштеген.

03-02
38:44

Эсенбай Нурушев: Азыркы дүйнөгө акылгөйлүк жетпей турат

Бул ирет биз белгилүү публицист, журналист, адабиятчы Эсенбай Нурушевди студияга чакырдык. Э.Нурушев радиодо жыйырма жылдай иштеген. “Азаттыктын” баш кеңсеси Прагада көп эмгек өтөгөн. Маекте башкаруунун формасы, бийликтин жоопкерчилиги, мамлекет куруунун тажрыйбасы, сөз эркиндиги тууралуу сөз болду

02-28
03:12

Молдокасымов: "АКШ "Азаттыкка" эч убакта кыргызга каршы тапшырма берген эмес"

31 жылдан бери “Азаттык” Кыргызстанда иштеп келатат. 70 жылдык тарыхы бар радионун Бишкек бюросу азыр “Азаттык Медиа” катары иштеп жатат. “Азаттыктын” 70 жылдыгына карата Бишкек бюросун 1998-2005-жылдар аралыгында жетектеген тарых илимдеринин кандитаты Кыяс Молдокасымов менен маектештик.

01-27
25:53

Түгөлбай Казаков: "Эл жалгыз "Азаттыкка" таянып калган"

““Азаттыктын” Кыргызстанга келгенинин өз тарыхы бар. Ага себепчи болгон инсан бул жолку мейманыбыз. Түгөлбай Казаковду биз мыкты композитор, обончу, жазуучу, публицист катары билебиз. Бирок, Түгөлбай Казаков “Азаттыкты” кыргыз жергесине алып келүүгө түздөн түз салым кошкон.

01-24
15:11

Кадыралы Конкобаев: "КГБ артымдан көпкө аңдып жүрдү"

Быйыл 18-мартта "Азаттыктын" обого чыкканына 70 жыл толот. Филология илимдеринин доктору, профессор, түрколог Кадыралы Конкобаев - "Азаттык" үналгысынын Кыргызстандагы алгачкы кабарчысы. Радиодо ал 1980-жылдардын аягы 1990-жылдардын башында иштеген. Аны менен Бишкек студиясында маектештик.

01-24
13:02

"Азаттык" радиосуна 70 жыл

2023-жылдын 18-мартында “Азаттык” радиосу обого чыга баштаганына 70 жыл толот. Бул подкастта "Азаттыктын" тарыхы, радионун Кыргызстандын жана анда жашаган элдин эркиндиги жана укуктары үчүн кошкон салымы тууралуу кеп кылабыз.

01-19
00:50

Жалал-Абадда желимге жан киргизген Амирбек

Жалал-Абадда таштандыны кайра иштеткенди колго алып, чакан ишкана ачкан Амирбек Масиралиев тууралуу айтып беребиз.

01-05
19:26

Жаштардын талабына жооп берген китепкана кандай болот?

“Азыркы кыргызстандык” подкастында Таш-Көмүр шаарында жаштардын, жалпы эле окурман талабына жооп берген коомдук китепкана ачам, ошону менен аң-сезимди өзгөртөм деген Чыңгыз Урматалиев менен баарлашабыз. Коворкинг деген эмне? Жаштардын талабына жооп берген китепкана кандай болот?

12-15
15:23

Азыркы кыргызстандык: Чаткалга сулуулук сунган Айжамал

Айжамал Асылбекова шарты катаал, кышы оор Чаткалда кыз-келиндин ажарын ачып, сулуулук тартуулайт. Анын салонуна жеткинчектерден тартып, жүзү ысык-суука башкан тоолук мырзаларга чейин тартылып турат. "Азыркы кыргызстандык" подкастында элдин алкышына арзыган Айжамал тууралуу баяндайбыз.

12-08
09:18

Даниянын падышалык оркестринде ойногон Жумаш

Кыргызстандык таланттуу скрипач Жумаш Дурусалиев өткөн аптада Копенгагендеги консерваториянын чоң залында жеке концертин берди. Ал азыр Даниянын падышалык оркестринде ойнойт, таланты жана билими үчүн ага Даниянын өкмөтү атактуу мастер Антонио Страдивари даярдаган байыркы скрипканы ыйгарган.

10-23
09:50

"Жакыр өлкөлөрдө шык берүүчү китептер көп окулат"

Айдай Максатбекова бир канча ай мурун шаарда англис тилиндеги китептер сатылган алгачкы дүкөнүн ачкан. Жакында эле Шаржа шаарында өткөн «Китеп сатуучулардын эл аралык конференциясына» катышып келди. Айдай бул иш-чарада Борбор Азиядан чакыруу алган жалгыз катышуучу болду.

06-13
14:07

Кескелдирик, куйругуңду кес!

17-февралда дүйнөлүк Science илимий журналына кескелдириктер өз куйругун кантип кесип жиберишин түшүндүргөн илимий иш жарыяланды. Анын авторлорунун арасында кыргызстандык Ажымурат Орозалиев дагы бар. Жаш окумуштуу менен Нурболот Азамат маектешти.

02-20
11:44

"Бардык айбандар тең укуктуу!"

"Азыркы кыргызстандык" подкастынын бүгүнкү каарманы, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Ильяс Каныбек. Учурда ал климаттын өзгөрүшүнүн тоолуктарга тийгизген таасирин иликтеп жүрөт. Ошондой эле чоң атасы менен бирге Жорж Оруэллдин «Айбан ферма» чыгармасын кыргызчага которгон.

02-07
14:15

Жемкорлукту жектеген Чагылган

«Азыркы кыргызстандык» подкастынын бул жолку каарманы төкмө акын, коррупцияны ашкерелеп ырдаган, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин шакирти Болот Назаров.

02-01
12:11

Recommend Channels