Discover
Сергек жашоо
Сергек жашоо
Author: ЭЕ/АҮ
Subscribed: 1Played: 1Subscribe
Share
© Бардык укуктар сакталган 2010 - Азаттык үналгысы
Description
Кантип сергек жана узак өмүр сүрсө болот? Азыркы медицинанын жетишкендиги жана адамзатты апааттан сактап калган илимий ачылыштар, дарылоонун жаңы ыкмалары. Спорт – кажыбас кайрат жана талбаган эмгек. Коомдук саламаттык.
312 Episodes
Reverse
Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү боюнча сунуш Конституциялык сотко түштү. Мекеме “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду бериши керек.
Быйыл сентябрда 17 жаштагы окуучу кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин президент Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн.
Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдирген.
Америкалык чабармандар Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнердин Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсү 2-декабрда кечинде аяктады. Маалым болгондой, сүйлөшүү беш саатка жакын созулду.
Уиткофф менен Кушнер сүйлөшүүдөн кийин АКШнын Москвадагы элчилигине барып, кийин аэропортко бет алган. Алар Орусиядан чыгып кеткени, Европага токтобостон түз эле АКШга учканы кабарланды.
Путиндин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев Х социалдык тармагына “сүйлөшүү жемиштүү болду” деп жазды.
Жолугушууда Украинадагы согушту токтотуунун жаңы версиясы талкууланды.
Президент Садыр Жапаров шайлоо бүтөрү менен бир катар кадрларды алмаштырды. Анын 1-декабардагы жарлыгына ылайык, Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынын алынып, анын милдетин аткаруу буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жететеп келген Каныбек Досмамбетовго жүктөлдү. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды, анын ордуна болсо буга чейинки кеңешчиси Арслан Койчуев келди. Ошондой эле Оштогу жана Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү алмашты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат тутумуна парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, алдыга чыккан талапкерлердин жарымынан көбү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 37% катышты. Мыйзамга ылайык, БШК шайлоонун жыйынтыгын 14-декабрга чейин жарыялашы керек.
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинде добуш берип, бийлик саясий иш-чараны таза өткөрүүгө болгон шартты түзүп бергенин айтты. Мамлекет башчы айрым журналисттерге берген кыска комментарийинде добуш сатып алуу аракеттери токтобой жатканын билдирди.
Орусиянын армиясы 29-ноябрга караган түнү Украинанын борбор калаасы Киев жана Киев облусу, Днепр жана Харьков аймактарын ракета жана учкучсуз учактар менен жапырт аткылады. Негизинен Киев шаары жана Киев облусу бутага алынды.
Соңку маалыматтарга караганда, кеминде үч киши каза болуп, ондогону жараат алды.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иши боюнча соттун өкүмүн кайра кароо үчүн Жогорку Сотко арыз берилерин анын адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Ал качан кайрыларын тактаган жок, учурда арыз даярдалып жатканын маалымдады.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 2026-жылы күйүүчү майды сатып алуу жана ташуу боюнча Орусия менен жаңы келишимге кол коюлганын билдирди.
Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон мамлекеттик сапарында жетишилген келишим Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талапты эске алуу менен түзүлгөнүн айтты. Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттиги жазды.
Запорожьеге жасалган Орусиянын жапырт дрон чабуулунан ондогон имараттар жабыркап, бир нече тургун жаракат алды. Майдандагы кырдаал оор бойдон калган шартта, тынчтык сүйлөшүүлөр тууралуу талкуу уланууда. АКШ президенти Дональд Трамп тынчтык документин «план эмес, сүйлөшүүлөрдүн концепциясы» деп мүнөздөдү. Киев Вашингтон колдогон формуланы талкуулоого даяр экенин билдирип, Европа союздаштарынын да катышуусу маанилүү экенин айтты. Ошол эле учурда аймактарды берүү боюнча талаш уланып жатат.
Баткен облусундагы Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан, коңшу өлкө менен алмашылган айылдын тургундарын жаңы конушка көчүрүү башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылынан 16 тургун ушул эле айылдын аймагында мамлекет курган үйлөргө, Саада айылынын 60 тургуну Раззаков айылындагы жаңы конушка жайгашмакчы.
Бишкектеги Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине карата 25-27-ноябрь күндөрү айрым көчөлөргө чектөө киргизилип, маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады. Ошондой эле жолдогу тыгынды болтурбоо максатында мектептер жана окуу жайлар онлайн окутууга өтөрүн маалымдады.
Башаламандык уюштурууну көздөгөн деген шек менен 22-ноябрда кармалгандар бөгөт чарасын аныктоо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилди.
"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, соттун дарбазасы жабык турат, эч кимди киргизишкен жок.
Ички иштер министрлиги кечээ, 22-ноябрда "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы Темирлан Султанбеков мекемеге жеткирилгенин билдирген жана анын үч киши болуп бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеосу социалдык тармактарга жайылтылган.
Ушул эле күнү кечинде ИИМ парламенттик шайлоодон кийин жапырт башаламандык уюштурууну көздөгөн топту кармаганын кабарлады.
Ички иштер министрлиги 27 жаштагы С.Т. аттуу жаранды "массалык башаламандыкка чакырууга" байланыштуу милицияга жеткирип, тергөө иштерин баштаганын билдирди. Ушул эле күнү анын жана бир катар таанымал саясатчынын, активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү маалым болду.
"Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы С.Т. аттуу жаран Ички иштер министрлигине жеткирилгенин 22-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди жана үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеону таратты. Ал видеодон "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду көрүүгө болот жана анын аты-жөнү, жаш курагы ИИМдин жарыялаган маалыматы менен дал келет.
Президент Садыр Жапаров кытай жарандары Кыргызстанга чоң долбоорлордун курулушу үчүн келип жатышканын айтып, элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы Бишкекте "Алтай" шаарчасынын курулушунун башталыш аземине катышкандан кийин билдирди.
Чогулган элдин азыноолак суроосуна жооп берген Жапаров кытай жарандары өлкөдө завод, темир жол, жол куруп жатканын айтты.
Москва талаптарын күчөткөндөн улам жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалар казак-орус чегинде такалып калган. Кыргыз өкмөтү бул жагдай ишкерлер Евразия экономикалык биримдигиндеги эрежелерди сактабаганынын айынан чыкканын, маселени жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирүүдө.
Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү. Жугуштуу оорулар бейтапканасында оорулуулар палатага батпай, коридорго жаткырылууда. Саламаттык сактоо министрлиги соңку апталарда өлкө боюнча тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 7966 адамга жеткенин билдирсе, эпидемиологдор сасык тумоонун пандемияга тез алдырган А түрү (H3N2) каттала баштаганын айтышты.
Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайында Эрлан Батыралиев аттуу жаран ур-токмокко кабылып, ошол эле күнү ооруканада каза болду. “Адам өлтүргөн” деп шектелип төрт киши кармалды, анын экөө милиция кызматкери. Маркумдун жакындары окуянын чоо-жайын айтып берип, адилет териштирүүнү талап кылууда.
Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерине байланышкан соңку окуялар жалпы мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-туруму жана этикасына байланыштуу талкуу жаратты. Соңку кездери Кыргызстанда айрым жетекчилердин кол алдындагы кызматкерлерине, жарандарга корс мамиле жасаганы, ачык кагып-силккени көндүм адатка айланды. Мындан улам коомчулукта сын-доомат көбөйдү. Президент Садыр Жапаров дагы жетекчилерди орой болбоо тууралуу эскертти.
Чүйдүн Константиновка айылынын жанында курулуш компанияларында айдоочу болуп иштеген кыргыз жана кытай жарандарынын мушташы боюнча Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козголду. Соцтармактарда кытайлыктарга каршы маанай күчөп, бийлик жарандарды чагымга алдырбоого чакырууда.
Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп АКШ ядролук сыноого даярдыгын билдирди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип бул "жакын арада" болорун айтты, бирок мөөнөтүн, чоо-жайын тактаган жок.




