Билимот Подкасттары

#кыргызча подкаст Бул подкасттарда: - Ар кандай темаларда ой толгоо. - Кыскача аңгемелерди окуу. - Сынчыл ой жүгүртүү. Билимот - бул онлайн билим берүүчү платформа. Биздин сайтыбызда математика, химия б-ча кыргызча видео сабактар жайгашкан. Бизди төмөнкү шилтемелерден таба аласыз: Биздин сайт: www.bilimot.kg Instagram: @bilimot.kg YouTube: "Билимот" каналы Алып баруучу: Азизбек Озбеков (инстаграм @azizozbekov) Telegram: t.me/bilimot Байланыш: +996 776 98 12 00 (WhatsApp, Telegram)

21. Христиандык чалынган таштарга Ислам дагы чалынып жатабы? Чет өлкөлөр түшкөн аңдарга Кыргызстан да түшүүдөбү?

Бул подкастта талкууланган темалар: - Христиандар мурда мусулмандарчалык эле такыба болгонбу? Азыр эмнеге күчүн жоготууда? Буга алардын жана биздин молдолордун айыбы барбы? Биздин айыбыбыз барбы? Христиандар алтын жалатып чиркөө салса, мусулмандар да ошол багытта баратабы? Эркин ой жүгүртүүгө бут тосуу диндин өзүнүн келечегине зыянбы? Адамдардын кайдыгерлиги жана билбестигине адамдардын өзү күнөөлүүбү? Жана башка ушул сыяктуу суроолорго ойлор айтылды. Бул тема дагы талкууланууга тийиш.

03-13
29:58

20. Калыстыкты деген барбы? Тарых калыс боло алабы?

Бул подкастта талкууланган темалар: - Тарыхты окуу, тарыхтагы фактылар канчалык чын, Корея тарыхы алар айткандай болгон эмеспи, кулчулук - Америкадагы кулчулук, аргументтерге жараша ойду өзгөртө билүү, көк беттенип бир тарапты кармап туруп алуу

03-13
24:31

18. Редактор Генри Луи Менкен [ЖРТ окуу жана түшүнүүгө даярдык]

Аракетчил редактор Генри Луи Менкен жөнүндө кыскача үзүндү жана 2 суроо.

01-03
02:38

17. Жалгыз дарак - контентчи платформасы

Контентчи - Маалымат аркылуу керемет жашоого (https://kontentchi.com/) 

11-20
04:33

16. Математика чыныгы жашоодо - постподкаст

Бул подкастта талкууланды: “Алтын катыш”, фибоначчи удаалаштыгы, чексиздикке чейинки сандардын суммасы, Исаак Ньютон, Декартес, Бируни, Аль-Жабр, Аль-Хорезми, кванттык сандар, электрондук деңгээлдер, физика, химия…

09-04
37:32

15. Ийгиликке эмгек жеткиреби же буюрганыбы?

Бул эпизоддо Дооронбек экөөбүз Айтматов, Кастро, Усейин Болт сыяктуу искусство, илим-билим, спорт жана саясат тармактарындагы адамдардын ийгиликтеринин себептерин талкууладык. Алардын ийгилиги жашынан белгилүү беле? Алардын биологиялык жана социалдык-экономикалык чөйрөсү канчалык таасир берди?

07-03
01:25:38

14. Башка адамдарды аёо, боор оруу

Талкууланган темалар: - Мышыкка боору ооруу. - Британияда кедейчиликте жашаган жумушчулар менен аристократтардын жашоосун салыштыруу (аңгемеден эскерүү). - Жаш балдарды иштетүү. БУУнун (ООН) жаш балдарды коргоо резолюциясы. - Турция аялдарга алгачкылардан болуп добуш берүү укугун ыйгарган.  - Мурдакы замандарда жаш каза болгон жоокерлерге элдин боору азыркыдай ооруган эмес. - Мурдакы жашоонун моралдык эрежелерин башкача болгон.

05-14
26:49

13. Кул болуу өз учурунда жакшы нерсе болгонбу?

Талкууланган темалар: - АКШдагы кулчулук, туура салыштыруу. - Индустриялык төңкөрүш жана башка чоң ачылыштардын дүйнө кылкынын санына таасири. - Негрлер өздөрү башка негрлерди кул кылып Европалыктарга саткан. - Кореядагы, Кыргызстандагы жана башка жерлердеги кулчулуктар.

05-12
13:13

12. Экономика жана ишеним ортосундагы байланыш.

Бул эпизоддо адамдар арасындагы бири-бирине болгон ишенимдин экономикага тийгизген таасири, же экономиканын ишенимге тийгизген таасири жөнүндө кеп болот. Бай өлкөлөрдө элдер арасында ишеним жогорураак экен. Кыргызстанда бул абал кандай деп ойлойсуз?

03-21
10:13

11. Жалкоолук жөнүндө. "Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба".

- Социалдык тармактардагы образыбыз менен чыныгы жашообуз башкача. - Жыргап жүргөнүбүздү көрсөтөбүз, ыйлап отурганыбыз чыкпайт.

11-22
09:33

10. Бизнес стратегия. Оң-нөл-терс суммалуу оюндар.

Бизнес компаниялар ортосунда, согушуп жаткан же соода жүргүзүп жаткан өлкөлөр ортосунда кандай "оюндар" болушу мүмкүн?

11-16
20:59

6. "Отличниктин синдрому" деген эмне? Студенттерге керектүү түшүнүк.

Бул синдромдун психологиялык так аныктамасы жана түшүндүрмөсү подкасттагыдан айырмаланышы мүмкүн. Биз окуу тарабына жакын болгон аспектин талкууладык. 

09-01
05:13

5. Каакым Шарабы (2-үзүндү) - Рэй Бредбери

Америкалык автор Рэй Бредберинин "Каакым шарабы" чыгармасынын үзүндүсү Исламбек Ашырмаматов тарыбанан 2020-ж. апрлель айында кыргызчага которулду. Үзүндүнү окуган Озбеков Азизбек, Билимот подкасттары сериясы.

08-26
12:20

4. "Мотивация" китептериндеги катачылыктар. Тирүү калган адамдын жаңылыштыгы.

Бул подкастта "Тирүү калган адамдын жаңылыштыгы (Ошибка выжившего)" деген түшүнүк ж-дө кеп кылабыз. Эмне үчүн дельфиндер адамдарды куткарат деген чындык эмес экенин жана согуш талаасындагы самолетторду коргоодо туура тыянак чыгаруу зарылчылыгын жогорку түшүнүктү колдонуп ой толгоп көрөбүз.

08-21
11:00

3. Hustle (хасл) деген эмне? Эмгек жана ийгилик.

Хаслер менен эмгекчилдин айырмасы эмнеде? Ийгиликке жетүү үчүн хасл кылуу шартпы? Бул эпизоддо hustle (хасл) түшүнүгү боюнча жалпы ойлор жана ар түрдүү көз караштар айтылды. 

08-15
08:16

2. Каакым Шарабы (1-үзүндү) - Рэй Бредбери

Америкалык автор Рэй Бредберинин "Каакым шарабы" чыгармасынын үзүндүсү Исламбек Ашырмаматов тарыбанан 2020-ж. апрлель айында кыргызчага которулду. Үзүндүнү окуган Озбеков Азизбек, Билимот подкасттары сериясы.

07-26
14:25

1. Кыскача аңгемелер - Түш (Azkiradam)

Билимот подкасттары, 2-сезондун алгачкы эпизодунда кыскача 2020-ж. 11-окт. Azkiradam телеграм каналында жарыяланган түш ж-дө аңгемени окуйбуз.

07-22
03:04

9. "Азиянын арстаны" боюнча ойлор. Нуржигит Кадырбеков.

- Бул китептен көп жаңы нерсе үйрөнө албадым. - Китеп кимдерге кызыктуу болот? - Күндөлүгүндө оригиналдуу ойлор жазылыптыр.

11-16
12:00

Ала-Тоо Университети Компьтер Илимдери (IT) жөнүндө подкаст - Баяман Базарбаев

Бул подкасттан Ала-Тоо Эл Аралык Университетинде компьютер илимдери тармагында окуу тууралуу маалымат ала аласыз. Бюджетке өтүү, окуу контрагы жана жумуш табуу, стажировкалар ж-дө.

06-29
34:22

IT Тармагы - Азрет Кенжалиев менен

#ЖОЖдор #АйлыкАкы #Кыргызстан #КомпьтердикТехнологиялар #Кыргыздар #КРСУ #КТМУ (Манас) #ПОЛИТЕХ #АЛА-ТОО #АУЦА

06-06
38:03

Гулина Бекболотова

азаматсыз

02-07 Reply

Recommend Channels