Сергек жашоо

Кантип сергек жана узак өмүр сүрсө болот? Азыркы медицинанын жетишкендиги жана адамзатты апааттан сактап калган илимий ачылыштар, дарылоонун жаңы ыкмалары. Спорт – кажыбас кайрат жана талбаган эмгек. Коомдук саламаттык.

Кордук көргөн секелек, адилеттик издеген эне

Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз. "Адилеттик издейм" подкастына өспүрүм кызы күйөөсүнүн жакын тууганынан ыдык көргөнүн айткан эне кайрылган.

11-04
28:04

"Өзүмдү өрттөйүн дедим". Кемпир-Абад иши үчүн камалган Асанбеков

"Адилеттик издейм" подкастына Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыккан Нурлан Асанбеков кайрылган. Ал 8-июнга караган түнү өзүн өрттөөгө аракет кылганын жана башка көйгөйлөрү тууралуу айтып, соттун адилеттүү чечимин күтүп жатканын айткан.

06-14
26:32

“Ымыркайыбыз өлүм алдында жатса апасын камашты”

"Адилеттик издейм" подкастына тогуз айлык ара төрөлгөн баласы оор абалда ооруканада жатканда жубайы “алдамчылыкка” шек саналып, тергөө абагына камалганына даттанган Оштун тургуну кайрылды. Учурда анын жубайы оорукчан баласы менен тергөө абагында. Ал жубайын үй камагына чыгарып, адилеттүү сот болушун өлкө жетекчилигинен суранды.

05-21
26:51

“Сурмалуу болом деп, көзүмдөн айрылып кала жаздадым”

Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган “Адилеттик издейм” подкастын сунуштайт. Бул жолку уктурууда көзүнүн сурмасын оңдотом деп косметологго кайрылып, бирок шалаакы мамиледен үч жолу операция болгон кыз кайрылды. Ал 2020-жылдан бери адилеттик издеп, укугу бузулуп, ден соолугу жабыркаганына даттанды.

03-14
14:30

“Үйлүү болобуз деп, башыбызга балээ үйдүк”

Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургуну Саламат Алымбаева сатып алган жер тилкесине үй салып, бирок узак жылдан бери документи бүтпөй жүргөнүн айтып кайрылды. Буга чейин бул конушта бир эле жер тилкеси бир нече жаранга сатылып, жер талашкан учурлар катталган.

02-09
27:54

"Өлтүрүүгө аракет болгон". Алга Кылычевдин абакта көргөн азабы

Күч органдары тарабынан ур-токмокко кабылып, абакта криминалдык топтордун кысымын көрдүм деген активист Алга Кылычев жана анын жубайы бийлик алмашкан 2020-жылдын октябрынан бери деле тиешелүү кызмат адамдары жоопко тартылбай жатканын айтып, кайрылды. Алга Кылычев Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү катары кармалган учурунда кыйноого кабылганын мындан эки жыл мурун "Азаттыкка" курган маегинде айтып чыккан. Жаза аткаруу кызматы анын кыйноо фактысы боюнча айткандарын четке каккан.

12-05
24:45

“Мени коюп кеткен адам кенемте төлөгөн жок"

Азиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден автоунаа сүзүп кетип, оорукчан болуп калган Назира Нурованын арыз-арманын укту. Кырсык болгондо эле оор абалдагы аялды айдоочу өзү ооруканага алып барып, иш ошол бойдон териштирилбей калган.

11-15
14:48

Акыйкатчыны ким коргойт?

Азиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоорун, бул институттун ролун, макамын акыйкатчы Жамила Жаманбаева жана мурдагы омбудсмен Токон Мамытов менен талкуулады.

10-26
31:43

Балдар үйүнөн кийинки оор турмуш

Балдар үйлөрүндө тарбияланган улан-кыздар орто билим алган соң өз алдынча кетип, турмуштун чоң агымына бой урат. Үй-жайсыз, колдоосу жок балдар оор жагдайга кабылат. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул маселени соцкызматкер Гүлзат Темирбаева, балдар үйүндө тарбияланган Гүлшана, Даниэль менен талкуулады.

10-05
23:53

Сөз эркиндиги: миллиондук доо, абак жана күрөш

Азиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жана ал үчүн жүргөн күрөштү "Республика" гезитинин башкы редактору, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова, белгилүү журналист Аскер Сакыбаев менен талкуулайт.

09-22
26:14

“Кантишти экен досторум абактагы...”

Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган жаңы подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга ар аптанын шаршемби күнү микрофон сунабыз. Бул подкастта жабык жайлардын абалы тууралуу кеп кылабыз.

09-04
37:04

Түркия: кыргызстандык мигранттар кабылган кыйынчылык

Түркияда дайынсыз кеткен кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу байма-бай маалымат чыгууда. Айрымдар алданып калганын, психологиялык басым көргөнүн, ур-токмокко кабылганын айтышат. "Укугум бар" түрмөгүндө Анталиядагы "Кыргыз айымдары"” уюмунун негиздөөчүсү Периза Асанаалиева менен маектештик.

07-24
14:48

Иракта томсоргон кыргызстандык келиндер

Ирактын түрмөсүндө отурган кыргызстандык ондогон аял “Азаттыкка” кайрылып, мекенге кантип кетебиз деп жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирип берүүнү өтүнүштү.

04-10
16:46

"Мени абактан элдин сүрүнөн коркуп бошотушкан"

Жарандык активист Афтандил Жоробеков менен “Укугум бар” подкастында абакта жаткан күндөрү, сөз эркиндиги, жарандык позиция тууралуу маектештик.

04-05
22:06

Нарын дарыясынан кайык менен өткөндөр

Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 80дей кожолук жашайт. Кыштакта электр энергиясы, медпункт, мектеп жок. Уюлдук байланыш да жакшы тартпайт. Жаштар шаарга ыктап, айылда улгайган адамдар көп.

03-30
15:39

Баланын башын сылаган фостердик үй-бүлөлөр

Рапия Акимжанова 10 жылдан ашуун убакыттан бери жашы жете элек балдарды убактылуу асырап келет. Ал караган балдардын басымдуусу мигранттардын балдары. Фостердик үй-бүлөлөр атайын окуудан өтүшөт. Тест тапшырган соң убактылуу бала багуучу боло алат.

03-30
11:03

Миграция балдары: сагыныч, кусалык, таарыныч

Балдарын үйүндө калтырып, четте миграцияда жүргөн ата-энелердин перзенттеринин сагынычы жана анын кесепети тууралуу баян. Ошто туулуп өскөн Таалай Түгөлбаевдин ата-энеси ал беш жашында Орусияга иштегени кеткен. Кусалыкта чоңойгон Таалай азыр эки кыздын атасы. Балдарынан алыска кеткиси келбейт.

03-16
08:54

"Мени чөйрө бузду". Маңзаттын айынан камалган мигранттар

Жакында Орусияда баңгизат менен кармалган кыргызстандык 7,5 жылга кесилди. 29 жаштагы кыргызстандык интернет аркылуу ири көлөмдөгү маңзат сатууга айыпталган. Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө абакта 1282 кыргыз жараны отурат. Алардын 1077си (1205и эркек, 91и аял) Орусияда. Абакка кесилгендердин басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, таратууга байланыштуу. Камактагылардын туугандары аларды Кыргызстанга которуу өтө оор процедура экенин айтып келет. "Азаттыктын" "Укугум бар" подкастында Орусиянын абактарында баңгизатка байланыштуу отурган кыргызстандыктар, балдарын зарлап күткөн энелер, алардын укугун коргогон юристтер ушул көйгөй тууралуу айтып беришти.

02-07
21:53

“Азаттыкты" эң жакыныбыздай күтүп угабыз

“Азаттыктын” айланасындагы окуяларга Кыргызстандын алыскы аймактарынан дагы тынчсыздануусун билдирген угармандар бар. Баткен шаарынын тургуну, жашы 80ге таяп калган Пайзилла Калилов өз жашоосундагы "Азаттыктын" орду тууралуу баян курду.

01-26
13:13

"Балдарга эле кыйын болду". Чек ара жана миграция

Баткен - миграциянын күчтүү агымына туш болгон аймактардын бири. Мигранттын айылда калган балдары, үй-бүлөсү чек арада чыр чыккан учурда эң аялуу катмарга айланат. Миграциянын чек ара айылдарындагы балдарга тийгизген таасири тууралуу баянды сунуштайбыз.

12-26
13:15

Recommend Channels