DiscoverКуугунтук курмандыктары
Куугунтук курмандыктары
Claim Ownership

Куугунтук курмандыктары

Author: ЭЕ/АҮ

Subscribed: 4Played: 66
Share

Description

Жазыксыз жерден жайран болгон тагдырлар. Саясий репрессиянын айтылбаган өңүттөрү. Улут трагедиясын унуттурбаган коомдук эс тутум. "Азаттыктын" "Куугунтук курмандыктары" подкастында тарыхтын актай калган барактарын толуктайбыз.
39 Episodes
Reverse
Жакында эле Бишкектеги бир катар тарыхый архитектуралык имараттардын макамын алуу тууралуу сөз болуп жатканы социалдык тармактарда талкууга түштү. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, жыйын курган. Тарыхчы, архитекторлор, маданият ишмерлери буга каршылык билдирип, өлкө жетекчилигине кайрылууда. Ал имараттардын шаар үчүн тарыхый – архитектуралык мааниси кандай? Урбанизация күчөп жаткан мезгилде шаарды тарыхый архитектуралык эстеликтерин жоготпой, кантип кеңейтүү керек? Шаардын жүзү, негизи эле шаар кандай болушу зарыл? Бул суроолорду Кыргыз эл жазуучусу, тарыхчы, президенттин кеңешчиси Арслан Капай уулу, белгилүү саясий жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, архитектор Ишенбай Кадырбеков, публицист, Президентке караштуу караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев менен талкуулайбыз.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында фолк-хистори тууралуу сөз кылабыз. Соңку мезгилде интернет булактарында тарых боюнча ар кандай талаш жараткан макалалар чыгып калетат. Тарыхты бурмалоонун артында кимдер турат? Фолк-хистори кимге керек? Эмнеге тарых бурмаланат? Бул суроолорду кыргызстандык белгилүү тарыхчы, профессор Рыскул Жолдошев жана казакстандык тарыхчы окумуштуу Шамек Тилеубаев менен талкуулайбыз.
Айрым тарыхчылар эл оозундагы маалыматтарга таянып, 1938-жылдын кыш, жаз айларындагы репрессия курмандыктары Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнү жайгашкан жерде массалык түрдө жашырылган деп эсептейт. Ал жерде мамлекеттик ишмер Абдыкерим Сыдыковдун, Кара Кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү табылышы мүмкүн. Тарыхчылар ал жайларды изилдөөгө бийликтен уруксат сураган.
1938-жылы Орусиянын Колыма аймагына лагерге айдалган Осмон Элебесовдун катаал тагдыры, ал тууралуу жарым кылымдан кийин урпактары тапкан архив документтер тууралуу кеп кылабыз. Элебесов юридикалык билими бар, өз доорунун алдыңкы ишмерлеринин бири болгон. Талкууга чоң атасы тууралуу архив маалыматтарды чогулутуп, китеп жазган небереси Айгүл Осмонова, даректүү тасма тарткан режиссер Асанкожо Айтикеев катышты.
11-ноябрда Өзгөндүн Куршаб айылында 1920-30-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жай ачылды. “Куугунтук курмандыктарында” бул жайдын таржымалы жана Кыргызстандын аймагында репрессия маалында атылган кишилердин сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар тууралуу сөз кылабыз.
Кыргызстанда ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул күндү утурлай эле 1920-1930-жылдары сталиндик репрессияда “эл душмандарынын жакыны” катары куугунтукталып, лагерлерге камалган аялдардын тагдырлары тууралуу эки китеп жарык көрдү. “Куугунтук курмандыктары” подкастында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин илимий кызматкери Салтанат Асекова жана “Эсимде” изилдөө аянтчасынын тарыхчысы Гүлзат Алагөз менен талкууладык.
Эгемендик жылдардан кийин өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жаңыча мамиле кылып, өтүмүшүн кайра карап чыгууга далаалат кылып жаткан Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу өзбекстандык тарыхчы Бахром Ирзаев, кыргызстандык тарыхчы Сабыр Арстанов менен талкуулайбыз.
Жусуп Кангелди уулу көп жылдар кыргыз тарыхында ысымы аталбай, ың-жыңсыз кеткен сталиндик репрессиянын курмандыктарынын бири. Эмне үчүн Жусуп Кангелди уулу тууралуу көп маалыматтар белгисиз болуп келген? Анын Кара- Кыргыз автоном облусун түзүүдөгү ролу жана чек араларды аныктоого кандай тиешеси болгон? Бул суроолорду Жусуп Кангелди уулунун неберелери, географ илимпоз Саламат Аламанов жана Нурлан Кангелдиев менен талкуулайбыз.
Кыргыздын төл гезити “Эркин Тоонун” (азыркы “Кыргыз Туусу”) жарыкка чыкканына 100 жыл болду. Бир кылым ичинде катаал тоталитардык доорду, репрессияларды жашаган басылманын тарыхы, ошол доордо кандай макалалар жазылганы тууралуу “Кыргыз-Туусу” гезитинин башкы редактору Мырзакат Тыналиев, белгилүү публицист, жазуучу Мундузбек Тентимишев менен талкуулайбыз.
1920-30-жылдардагы репрессия маалында “эл душмандарынын” жакындары катары миндеген аялдар куугунтукталып, легерлерге камалган. Совет өлкөсүнүн аймагында аялдар кармалган төрт лагер болсо, анын бири Кыргызстандын аймагында уюштурулган. “Куугунтук курмандыктары” подкастында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кыргызстандык аялдар тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Салтанат Асекова менен талкуулайбыз.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында ХХ кылымдын 30-жылдары кулакка тартылып, кыргыз жеринде орун-очок алган азерилер тууралуу айтып беребиз.
Белгилүү тарыхый инсандар Алымбек датка менен Курманжан датка тууралуу ондогон эмгек жазылып, кыргыз акын-жазуучулары роман, поэмаларды арнашкан. Документалдуу жана көркөм тасмалар да тартылды. Орусиянын оторчулук доорунда, совет мезгилинде алардын балдары, неберелерине кандай мамиле болду? Дарга асылган Камчыбек Алымбек уулунун иши боюнча архивде эмне материалдар бар? "Куугунтук курмандыктары" подкастында 1930-жылдардын орто чениндеги сталиндик репрессияда атууга кеткен неберелеринин таржымалын тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов менен талкуулайбыз.
Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 79 жыл толду. Бирок көпчүлүк советтик аскерлер үчүн согуш 1945-жылдын 9-майы менен эле бүткөн эмес. Туткундан бошотулгандар үчүн согуш азабы узак жылдарга созулган. Немис лагеринен өз мекениндеги советтик лагерлерге айдалып, оор шартта, Сибирдин суугуна өпкөсүн алдырып, көпчүлүгү ата мекенине кайтып келалбады. Ошондой азап-тозокту башынан кечирип, Ала-Тоого аман-эсен жеткен кыргыздын уулу Сатар Алманбетовдун жоокердик тагдыры тууралуу тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен маек курабыз.
Кыргызстанда төрт айыл аймагы менен 13 айылдын аталышын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Соңку жылдары Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдө жер-суулардын тарыхый аталыштарын кайтаруу аракеттери кайра жанданууда. Пропагандалык, идеологиялык мааниси бар шаар, айыл аталыштарын өзгөртүү Советтер Союзу тарагандан кийин туташ жүрдү. Бирок бул иштин толук аягына чыкпай келатышына эмне себеп? Эгемен өлкөлөрдөгү мындай аракеттерге эмне үчүн Орусияда каршы пикир айткандар бар? Бир жагынан жер-суу аталыштары өзгөргөнү менен, кайра эле белгилүү кишилердин ысымдары коюлуп жатканы тоталитардык доордогу эле түшүнүктөрдөн кабар бербейби?
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде кандай сырлар катылган? “Куугунтук курмандыктары" подкастында "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги Болот Абдырахманов менен репрессия курмандыктарына арналган музейдин мааниси, мемориалдык музей кандай болушу керек деген суроолордун тегерегинде талкуулайбыз.
Изилдөөчүлөр буга чейинки карталарды толуктап, жаңы маалыматтардын негизинде ондон ашык карта түзүшкөн. XX кылымдагы кыргыз тарыхындагы эң трагедиялуу окуяны визуалдаштыруу аракети кандай жүрүүдө? Үркүндүн толук иликтене элек жагы кайсыл? Чек арадагы кул базар, кулчулукка сатылган кыздардын тагдыры эмне болгон? “Куугунтук курмандыктары” подкастында тарыхчы, окумуштуу Гүлзада Абдалиева жана картограф Талгат Жумашев менен талкуулайбыз.
Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөлөрдүн автору Талант Разаков жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен ХХ кылымдын башындагы кандуу окуялар, кыргыз элинин өз алдынчалыкка жетүү мүдөөсү, ошол доордун каармандарынын бири Төрөкул Жанузаков тууралуу кеп кылабыз.
1930-жылдары совет бийлигинин кулакка тартуу, коллективдештирүү саясатына нааразылыктан улам ондогон көтөрүлүш жана козголоңдор болгон. Көтөрүлүштөр ырайымсыз жазалоо менен коштолуп, көп адамдар ата журтун таштап качкан. Бул окуялар канчалык иликтенген? Алардын кесепети кандай болгон? "Куугунтук курмандыктары" подкастында конокто тарыхчы Гүлзада Абдалиева.
Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун негизделгендигине 100 жыл. XX кылымдын башындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн кыл чайнашкан күрөш кандай жүргөн? Республика түзүү идеясынын артында кимдер турган? “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул теманы тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов жана тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев менен талкуулайбыз.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРде репрессиянын жаңы толкуну жүргөн. КГБ архивине бир нече элдик мурастар, жазгыч акындардын чыгармалары кулпуланган. “Молдо” деген эпитет кошулуп айтылганы үчүн эле бийликтин каарына калган агартуучулардын жана акындардын мурасы, алардын изилдеп абакка түшкөн окумуштуулардын татаал тагдыры тууралуу кеп кылабыз.
loading
Comments