DiscoverСергек жашоо
Сергек жашоо
Claim Ownership

Сергек жашоо

Author: ЭЕ/АҮ

Subscribed: 1Played: 1
Share

Description

Кантип сергек жана узак өмүр сүрсө болот? Азыркы медицинанын жетишкендиги жана адамзатты апааттан сактап калган илимий ачылыштар, дарылоонун жаңы ыкмалары. Спорт – кажыбас кайрат жана талбаган эмгек. Коомдук саламаттык.
45 Episodes
Reverse
Кыргызстанда соңку айларда тумоологондордун саны көбөйүүдө. Курч респиратордук оорулар жана сасык тумоо балдар арасында тез тарап, ооруканалар толуп калганы кабарланды. Дарыгерлер быйыл Гонконг тумоосу тарап жатканын, ал өтө кооптуу экенин белгилешүүдө. Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын Балдардын инфекциялык оорулары кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Дамирахан Ахунбаева сасык тумоо жана курч респиратордук оорулар, алардын башка кооптуу ооруларга окшоштугу, кесепети тууралуу айтып берет.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда калктын 11 пайызы психикалык бузулуулардан жабыркайт. Адистердин айтымында, соңку убакта депрессия, тынчсыздануу, ар кандай терс ойлордун кучагында калып дүрбөлөңгө түшүп, уйкусуздукка кабылгандар көбөйүүдө. Алардын белгилешинче, мындай симптомдордун айынан коомдо суицид, агрессия өңдүү түрдүү көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Өлкөдөгү менталдык оорусу барларга мамиле, дарылоо ыкмалары кандай? Кыргыз психиатриясы өнүгүүдөбү? “Сергек жашоо” подкастында бүгүн ушул суроолорго жооп издейбиз.
Атайын кызматтын жетекчисинен үй сураган тогуз балалуу эненин окуясынан кийин коомдо үй-бүлөнү пландаштыруу маселеси кайра көтөрүлдү. Көп төрөгөн аял ден соолугун жоготобу? Канткенде улуттун сапаты жакшырат? Эрте эне болуу, бойдон алдырууну кандай тобокелдик коштойт? Кыз баланы канча жашынан гигиенаны сактоого үйрөтүү керек? Аз кандуулуктан, рак оорусун чакырган папиллома вирусунан кантип сактануу керек? “Сергек жашоо” подкастында бул суроолорду Студенттер бейтапканасынын акушер-гинекологдору Гүлзина Мадраимова жана Гүлнур Шыгаева менен талкуулайбыз.
Кыргызстанда быйыл жаз алды менен күн катуу ысыды. Дарыгерлер мындай ысык өнөкөт ооруларды козгоп, айрым учурда өлүмгө да жеткириши мүмкүн экенин айтышат. Климат өзгөрүп жаткан шартта адам ысыктан өзүн жана жакындарын коргой алабы? Кантип тамактанып, кандай иштеп, кайсы адаттарды өзгөртүү керек? “Сергек жашоо” подкастында ушул суроолорго дарыгер, Коомдук саламаттык сактоо институтунун илимий катчысы Нурболот Үсөнбаев жооп бермекчи.
Акыркы жылдары балдардын тиши эрте кетип жатканы айтылып келет. Буга эмне себеп болууда? Тамак-аш сапатыбы, экологиянын бузулушубу же билим деңгээлинин түшкөнүбү? Эмне үчүн кош бойлуу аял тишине кам көрүшү керек? Эшикте ойногон балдардын тиши таза болобу? Тиштеги бактериялар жүрөк оорусуна себепкерби? Сөөк кемирүү же катуу алма чайноо тишти бекемдейби? “Сергек жашоо” подкастында ушул суроолорго балдар стоматологу Албина Закирова жооп бермекчи.
Ашказан ооруп, зарна болгон учурда орозону токтотуу керекпи? Ооз жапкандан кийин эмнеге кайра уктабаш керек? Ооз ачкандан кийин дароо аш жегенге болбойбу? “Сергек жашоо” подкастынын бүгүнкү чыгарылышында орозо туткан адам кантип туура тамактанышы керек деген суроого жооп издедик. Биздин коногубуз дарыгер, социалдык медиа аркылуу элге медициналык кеп-кеңеш берген Адилет Жумабаев болмокчу.
Дарыгерлердин маалыматында, Кыргызстанда жылына геморрой дарты менен кайрылган эки миңге жакын адамга операция жасалат. Алардын көбү Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнө кайрылышат. Адистер геморрой өтө көп кездешерин жана дарыланбаса кесепети оор болорун айтышат. “Сергек жашоо” подкастында бүгүн май чучуктун сезгениши эмнеге алып келет деген суроого медицина илимдеринин кандидаты, доцент Сапарбек Турдалиев жооп берет.
Кыргызстандык онкологдор соңку жылдары кызыл өңгөч, ашказан, табарсык баштаган органдарга бычак тийгизбей операция жасоо ыкмасын өздөштүрүүдө. Алар сейрек жана рак ооруларын дарылоодо эндоскопия коопсуз жана заманбап ыкма экенин айтышат. Онкохирург Манучер Сафаров бул ыкманы сырттан окуп келген адистердин бири.
Кыргызстанда соңку жылдары жүрөк-кан тамыр оорулары жашарып бара жатканы айтылып келет. Эмнеге жүрөк оорусу менен эмгекке жарамдуу эркектер ооруйт? Бул дартты аныктоодо жасалма интеллект, заманбап технологиялар кандай жардам берет? Биз жүрөк дартын пайда кылган себептер жана алардын кесепеттери тууралуу белгилүү дарыгер, кардиолог-аритмолог Дамир Осмоновдон сурадык.
Соңку маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда онкологиялык илдеттер арасынан ашказан рагы биринчи орунда турат. Каттоодо турган 30 миңдей бейтаптын 12 пайыздан ашууну ашказандын залалдуу шишигинен жабыркайт. Дарыгерлердин белгилешинче, өлкөдө бул илдет менен ооругандардын басымдуусу эркектер. “Сергек жашоо” подкастында биз ашказан рагын козгогон себептер тууралуу сөз кылабыз.
Мамлекеттик кызматкерлерге дене көнүгүүсү эмнеге керек? Климаттын өзгөрүшүнөн улам өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абал курчушу мүмкүнбү? Акыркы жылдары каптаган ыш ден соолукка кандай таасир этип жатат? Бул жана башка суроолорду Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун жетекчиси Жаркынбек Касымбековго узаттык.
Кыргызстанда өткөн жумаларда 120га жакын онкологиялык илдеттерди заманбап ыкма менен аныктай турган инновациялык санарип лаборатория ачылды. "Сергек жашоо" подкастында медицина илимдеринин доктору, онколог Рысбек Абдылдаев санарип лабораториянын өзгөчөлүгү, Жасалма интеллекттин ооруну аныктоодогу жардамы жана ракты дарылоодо кыргыз медицинасын артка тарткан себептер тууралуу айтып бермекчи.
Кыргызстанда расмий эсеп боюнча 84 миңден ашуун адам кант диабети менен каттоодо турат. Адистердин айтымында, дартка чалдыкканын билбей жүргөндөр мындан көп болушу мүмкүн. Кант диабети жылдан жылга жашарып баратабы? Бул ооруга чалдыккан адам эмнеге жашоо таризин өзгөртүшү керек? “Сергек жашоо” түрмөгү бүгүн ушул маселеге арналды.
Адистердин маалыматында, остеопороз дүйнөдө жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана рак ооруларынан кийин төртүнчү орунда турат. “Сергек жашоо” подкастында бүгүн адамды майыптыкка жеткирген остеопороз жана бул дарттын пайда болуу себептерин кеп кылабыз. Бул дартка чалдыккан бейтаптарды тыңдайбыз. Ошондой эле эндокринолог дарыгер Дилбар Сатарова менен маек курабыз.
Адистердин айтымында, соңку жылдары омуртка оорусуна чалдыккандар көбөйгөн. Буга эмне себеп болууда? Туура эмес жашоо таризиби же турмуш кыйынчылыгыбы? “Сергек жашоо” подкастында бүгүн биз ушул суроого жооп издейбиз.
Кыргызстанда соңку жылдары рак илдетине чалдыккан балдар үчүн жардам чогулткан жарнамалар көбөйдү. Мындан улам коомчулукта “балдар арасында рак илдети жайылууда” деген пикирлер арбын. "Сергек жашоо" подкастында ушул суроого жооп издеп, Бишкектеги балдар онкологиясына бардык.
УТРК Спорт телеканалынын жамааты Париждеги Жайкы Олимпиаданы чагылдырууда чыңалуу абалында иштеди. Анын себептерин каналдын продюсери Шайырбек Арапов "Сергек жашоо" подкастында айтып берди. Каналдын дарегине айтылган сын-пикирлер, лицензия сатып алуудагы көйгөй жана тил саясаты жөнүндө да сөз болот.
"Сергек Жашоо" подкастынын коногу – Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгери Талант Калыков. Ал элди сергек жашоого үндөп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту тыюуга чакырып, кыздарга аталардын колдооcу канчалык маанилүү экенин даңазалап жүрөт.
Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин Паралимпиадалык оюндар башталат. Ага Кыргызстандан төрт спортчу жолдомо алган. Алардын экөө - Гүлназ Жүзбаева менен Айтунук Жоомарт кызы "Сергек жашоо" подкастында эл аралык мелдешке даярдык, тоскоолдуктар жана колдоолор жөнүндө айтып беришти.
Кыргызстандык Сания Щинар АКШдагы Түштүк Дакота университетинин лабораториясында изилдөө жүргүзүп, эмчек рагын айыктыруу үчүн жаңы технология сунуштады. Анын жардамы менен рак клеткаларын жок кылуучу дарыны тери аркылуу жеткирсе болот. "Сергек жашоо" подкастынан угуңуз.
loading
Comments 
loading