Арай көз чарай

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.

“Улуттук музейди ачуу менен маселе чечилбейт”

Кыргызстандын Улуттук тарых музейи беш жылдык тыныгуудан кийин көрүүчүлөргө кайрадан эшигин ачты. Адистердин баамында музейдин ачылышы өкмөттүн жана илимпоздордун алдына жаңы милдеттерди жүктөдү.

11-25
21:40

Шайлоонун катасы жана өзгөчөлүгү

"Арай көз чарай" берүүсүндө профессор Сыртпай Мусаев жана саясатчы Адил Турдукулов 10-январдагы шайлоонун күңгөй-тескейин талкуулашты.

01-10
24:28

Президенттикке умтулгандардын дарамети жана мүдөөсү (аудио)

Кыргызстанда 10-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны кырктан ашты. Алар кандай концепция, программа менен келатат? Шайлоочулар лидер тандоого даярбы? Акыйкат, кынтыксыз шайлоо өткөрүүгө шарттар түзүлгөнбү?

11-14
23:53

Вирус күчөдү, дарыгерлер даярбы?

Кыргызстанда соңку бир жуманын ичинде коронавирустан 20 адам каза болду. Оору акыркы күндөрү күчөп, июнь айындагы көрсөткүчкө жеткени калганы айтылууда.

10-13
24:26

Коррупцияга каршы чеке жылытпаган күрөш (аудио)

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши 2021–2024-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы стратегияны иштеп чыкты.

09-18
23:40

Парламентке кимдер келе жатат?

Кыргызстанда расмий маалыматка караганда, жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкердин арасында 221 адамдын соттуулугу алынса, 50 талапкер боюнча сот чечими чыга элек. Жогорку Кеңештин сапаттык курамы өзгөрөбү?

09-11
23:00

Эмнеге баары депутат болгусу келет? (аудио)

Эмне үчүн депутат болууга ашыккандар көп, мандат алуунун жолу оңойбу, анын мыйзамдык жана моралдык жоопкерчилигинде чек болушу керекпи, дегеле парламентаризмди канткенде калыптандырабыз? Ушул ж.б. маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздө сөз кылабыз.

09-04
26:47

Оңунан чыкпаган онлайн окутуу

2020-2021-окуу жылы 1-класстардан башка окуучулар үчүн онлайн башталды. Бардык мектептер электорондоштубу? Интернет жетпеген айыл балдары кантип окуйт? Мугалимдер техникалык жактан камсыз болгонбу?

09-01
24:58

Элитасы жок эгемендик (аудио)

Кыргызстан өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялагына 29 жыл болду. Эгемендик эмне берди? Саясий-экономикалык өз алдынчалыкка жетише алдыкпы? Же таасирдүү өлкөлөрдүн, капчыктуу корпорациялардын жетегинде калдыкпы? Эркин мамлекеттин эртеңи кандай болушу керек? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылдык.

08-28
24:51

Сөз эркиндигинин баасы жана жоопкерчилик (аудио)

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчыга айтылган сындардан “өзүн коргоого муктаж эмес” экендигин билдирди.

08-18
24:26

Оору азайды деп сүйүнүүгө эрте

Кыргызстанда вирус басаңдап калды. Бишкекте, Ошто июль айынын башында тез арада ачылган күндүзгү стационарлар четинен жабылууда. Мындан ары санитардык нормалар кандай болушу керек? Июль башындагыдай ооруканада орун тартыштыгы, дары-дармек жетишсиздиги бир нече аптадан кийин кайра кайталанбайбы?

08-04
23:59

Кадрларды таптоо системасы жок (аудио)

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин экс-спикери Алманбет Матубраимов жана Башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев катышты.

07-28
24:02

Темир жол: башталбай жатып созулган долбоор (аудио)

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор катары кайрадан күн тартибине чыкты. Аталган темир жолдун Кыргызстан үчүн мааниси эмнеде? Өлкөнүн коопсуздугу үчүн тобокелчиликтер барбы? Курулуштун башталбай жатышына сырткы факторлордун таасири болуп жатабы?

07-22
23:32

Шайлоо шаңы жана санаасы

«Арай көз чарай» талкуусуна БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Турсунбек Акун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков катышты.

07-15
24:22

Кыргыз-тажик чек арасынын кыстоосу (аудио)

“Арай көз чарай” талкуусуна Баткен облусунун мурдагы губернатору Султан Айжигитов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү Чолпон Бердигулова жана “Коомчулук туруктуулук үчүн” долбоорунун координатору Махмадиор Хасанов катышты.

07-24
23:00

ЕАЭБ жемкорлорду бириктирди (Аудио)

Жогорку Кеңештин тармактык эки комитети Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы аткезчиликке байланышкан маселени октябрда карамай болду.

07-03
23:31

Атамбаев кол тийбестиктен ажырайбы? (аудио)

“Арай көз чарай” талкуусуна юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков катышты.

06-13
23:44

Айыл чарба министрлиги сындан арылбады

Айыл чарба министри алмашканына бир нече күн эле болду. Алгачкы жыйында жаңы министр Эркинбек Чодуев ондогон кызматкерге сөгүш жарыялаганы айтылып жатат. Министр алмашканы менен жалпы түзүм оңолуп кетеби? Дыйкан менен бул министрликтин ортосундагы ажырым канчалык?

06-12
24:55

ШКУнун глобалдык саясаттагы орду жана салмагы (аудио)

«Арай көз чарай» талкуусуна коомдук ишмер, дипломат Алмаз Кулматов жана эл аралык маселелер боюнча эксперттер Эдил Осмонбетов катышты.

06-11
21:47

Өкмөт жаштардын идеялары менен эсептешеби? (аудио)

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Тиллаев, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков жана экономика илимдеринин кандидаты, жарандык активист Нурлан Токобаев катышты.

05-28
23:47

Recommend Channels