DiscoverСоңку жаңылыктар
Соңку жаңылыктар
Claim Ownership

Соңку жаңылыктар

Author: ЭЕ/АҮ

Subscribed: 10Played: 251
Share

Description

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
950 Episodes
Reverse
Ооганстанда 3-ноябрдагы жер титирөөдөн кеминде 20 киши каза тапты, жүздөгөнү жабыркады. Магнитудасы 6,3кө жеткен зилзаланын очогу өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарынын жанында жайгашкан.
Президент Садыр Жапаров жаңы ачылган “Берекет банк” жана ага уулу Нурдөөлөт Нургожоевдин негиздөөчүлөрдүн бири болгону тууралуу 2-ноябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде маалымат берди. Жаңы санарип банк ачуу сунушун Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бергенин, президент аны мамлекеттик кылып ачууну сунуштаганда Чжао ага макул болбогонун айткан. “Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим. Мамлекеттик иштерге киришпей жеке иштери менен алек болгондору жакшы эмеспи”, - деди Садыр Жапаров. Президент жаңы ачылган “Берекет банкка” башка да негиздөөчүлөр кошуларын, банк көбүнчө виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иш алып барарын тактады.
Авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында "акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлүп, чектөө киргизилди.
Акыркы бир суткада Кыргызстанда унаа кырсыгынан жети киши каза тапты. Ош – Гүлчө унаа жолунда жүк тарткан унаа менен жеңил унаа кагылышып, беш киши мүрт кеткен. Бишкек – Ош унаа жолундагы төрт унаа кагылышкан кырсыктан эки киши каза таап, бир нечеси ооруканага түштү. Жабыр тарткандардын экөө балдар. Мунун алдында эле Бишкекте жашы жете элек балдар унаа айдап кырсыкка кабылган эки учур катталган. Быйылкы жылдын тогуз айында жол кырсыгынан 90дон ашык бала каза болуп, эки миңдейи жаракат алган. Өткөн жылга салыштырганда 30% көп.
Орусиянын “Сахарово” миграциялык борборунда ушул күндөрү Кыргызстандын 160 жараны кармалып турат. Анын ичинен 11и аялдар. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Сахарово” борборуна барган учурда белгилүү болду.
АКШнын президенти Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин 6-ноябрда Вашингтондо өтө турган “АКШ-Борбор Азия” (С5+1) саммитине чакырды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары чакырылганы айтылды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы чакыруу тууралуу азырынча комментарий бере элек.
АКШ президенти Дональд Трамп, Путин менен жолугушуу Украина боюнча тынчтык келишимине жетишүүгө алып келсе гана бул кадамга барарын билдирди. Трамп бул тууралуу Түштүк-Чыгыш Азияга президенттин Air Force One учагында кетип баратканда журналисттерге айткан. "Убактымды текке кетиргим келбейт" деген ал.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы блогерлерге, контентмейкер, видеомейкерлерге жана социалдык тармактын активдүү колдонуучуларына мыйзамды сактоо тууралуу эскертти. Анда соңку кездери коомдук тартипти бузган, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан, укугуна шек келтирген түз эфирлер, пранктар көбөйгөнү белгиленген.
Кытай армиясынын жетекчилигинде тазалоо жүрүүдө. Үстүбүздөгү аптада тогуз генерал кызматтарынан алынды жана коммунисттик партиянын катарынан чыгарылды. Коргоо министрлиги алар параколукка шектелип жатканын билдирди. Партиянын пленумунда экономикалык өнүгүүнү планы бекитилди жана Борбордук комитеттин жаңы мүчөлөрү шайланды.
Тажикстан менен чек араны тактоодо жери алмашууга туш келген тургундарды Баткен шаарынын четиндеги Жаңы Достук айылындагы жаңы курулган үйлөргө көчүрүү иштери башталды. Маалыматка караганда Жаңы Достукта жалпы 181 турак үй курулуп бүттү. Учурда жол, бала бакча жана башка социалдык объектилердин курулушу, суу жеткирүү, жашылдандыруу иштери жүрүүдө. 22-октябрда президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, көчүрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасы бөлүнүп, кызматкерлери көмөк көрсөтүүдө.
Президенттин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттик Ысык-Көлдө Асман шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлгөнүн 21-октябрда билдирди. Мекеменин маалыматында, сүйлөшүүлөр алгач Шанхайда, кийин Бээжинде уланып, 17-октябрда улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен China Construction Design Institute компаниясынын башкы директору Цао Сянмин меморандумга кол коюшту. Сүйлөшүү жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын жана инвестиция салуу боюнча болжолдуу багыттарды талкуулашты. Документ инвестициялык, инфраструктуралык жана курулуш тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле Asman City долбоорун ишке ашыруу үчүн заманбап технологияларды жана чет элдик инвестицияларды тартууга багытталган.
Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози Париждеги Санте түрмөсүнө барды. "Ливия ишине" байланыштуу айыпталып, беш жылга соттолгон Саркози Франциянын экс-президенттеринин ичинен биринчи болуп абакка камалууда. Ал доо арызы каралганга чейин жаза мөөнөтүн бир кишилик, душу бар камерада өткөрөт.
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский менен ок атышууну токтотуу талабын аткаруу үчүн Орусияга Донецк облусун берүүнү талкуулабаганын билдирди. Трамп президенттик Air Force One учагынын бортунан журналисттерге Украина жана Орусия фронттун азыркы сызыгында токтошу керектигин айтты. Буга чейин The Washington Post жогорку кызматтагы эки булакка шилтеме кылып жазгандай, Путин 16-октябрда Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөндө Украина Донецк облусун толук өткөрүп бериши керектигин айткан. Путин буга жооп катары Запорожье жана Херсон облустарындагы Орусия басып алган аймактарды Украинанын өзүнө кайтарууну сунуштаган.
Орусия менен Украина электр түйүндөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Запорожье атомдук электр станциясынын аймагына ок атпоону сүйлөштү. Бул тууралуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) билдирди. Европадагы эң ири атомдук электр станциясын Орусия 2022-жылы Украинага кол салганда басып алган. Электр энергиясын өндүрүү токтотулган, бирок станцияга сырттан электр энергиясы менен камсыздоо зарылдыгы бар. АЭСти электр линияларына туташтырган байланыш иштен чыккан, буга Москва менен Киев бири-бирин айыптап жатат. Агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси билдиргендей, оңдоочу адистер ок атышууну токтотуу тууралуу келишимдин негизинде объектиге кирүүгө уруксат алышкан. Запорожье атомдук электр станциясы төрт жума бою сырттан электр менен камсыздалбай калган жана электр энергиясын дизелдик генераторлордон алып турган.
17-октябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленский менен жолукканда Киевге “Томагавк” ракеталарын берүү тууралуу суроого так жооп болгон жок. Бул Украинанын согуштук стратегиясы жана эл аралык мамилелер үчүн маанилүү талкууну жандантты. Зеленский быйыл ушуну менен үчүнчү жолу Ак үйгө барды. Мунун алдында 16-октябрда Кремлдин өтүнүчү боюнча президент Трамп Орусиянын лидери Путин менен телефондон сүйлөшүп, Будапештте жолугушуу ыктымалдыгын талкуулашкан.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен бейшембидеги телефондук сүйлөшүүсү жемиштүү болгонун билдирди. Бул тууралуу Трамп орус президенти менен сүйлөшөрүн Truth Social социалдык тармагына жарыя кылгандан 1,5 сааттан кийин жазды. Андан кийин Путин менен Будапештте жолугушууну макулдашканын жарыялады. АКШ президенти Путин менен баарлашуусу жана “көптөгөн маселелер” тууралуу Вашингтонго 17-сентябрда сапар менен келчү Украинанын президенти Владимир Зеленский менен талкуулай турганын да жарыя кылды. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио эфиринде угуңуз.
АКШ президенти Дональд Трамп Украина чабуулга өтө башташы ыктымал экенин билдирди. 15-октябрда Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун директору Кэш Пател менен жолугушуудан кийинки биргелешкен пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Трамп украин тарап мындай аракетке даярданып жаткан болушу мүмкүн экенин айтты.
Бишкек милициясы борбор калаадагы Көк-Жар конушундагы чоң жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталганын кабарлап, мурда Көк-Жар айыл аймагынын башчысы болуп турган Ноокат районунун акимин камакка алды. Милиция Көк-Жардагы 172-контурдагы жер үлүштөрү мыйзамсыз түрдө майда тилкелерге бөлүнүп, жеке турак жай курулушу үчүн деп сатылганы аныкталганын билдирди.
loading
Comments 
loading