DiscoverБирге өсөлү
Бирге өсөлү
Claim Ownership

Бирге өсөлү

Author: Bermet Bagachieva

Subscribed: 2Played: 17
Share

Description

This is podcast about pesonal development in kyrgyz language.
13 Episodes
Reverse
Сенин алдыңда эң сонун күн турат. 🌞Ушул күн: “Кел, мени жаратчы” 🌷- деп чакырып жатат. Бул күн үчүн кечээки, андан мурунку күнү болгон окуялар, бир жыл, жэ беш жыл мурун өткөн нерселер бирдей. Сен азыр, ушул көз ирмемде жашайсың🤩. Адамзатка берилген эң кымбат сапат - бул тандоо жана жаратуу! 🌷Сенин жаратуучу сапатың бар🥳, сенин жаратуучу күчүң зор! 💪Бул сенин күнүң! ☀️Ушул күндө кайсы ойлор, кайсы сезимдер бар болсун? 🤗
Бирге өсөлү: Подкаст #10 Кечиримдүүлүк бул “өткөн окуя башкача болот” деген үмүттү үзүү жана “өткөн нерсе башкача болуш керек эле” өкүнүчтү жойуу.  Сиз өткөн нерсени ойлоп кайгыга түшөсүзбү? Бирөөгө таарынып ичиңизден сыздап жүрөсүзбү?  Жакын адамыңыздан жүрөгүңүзгө жаракат алып, жараңыз айыкпай жүрөбү?  Кандай гана жарабыз болбосун, аны убакыт дарылайт. Ал эми кечиримдүүлүк айыгууну тездетет. Ушул темага биз подкастыбыздын чыгаралышанда талкуу жүргүзөбүз. Келиңиздер, бирге өсөлү!
Дисциплина - бул максат менен ийгиликтин ортосундагы көпүрө. 😉 Баарыбыздын эле өзүбүзгө койгон максаттарыбыз жана эңсеген кыялдарыбыз бар😉. Мисалга алсак, ден-соолук💪, жогорку билим👩‍🎓, акча-каражат 🤑жана саякаттоо🌴. Ошентсе да эмнегедир адам баласы күнүмдүк жашоосунда ал максаттарын унутуп, кийинкиге калтырган учурлар көп.😔 Ал эми чындыгында айта келсек, өздөрүн тартипке сала алган жана дисциплинасы күчтүү адамдар бактылуу келишет экен.🤩 Ушул темага биз подкастыбыздын 9-чу чыгаралышанда талкуу жүргүзөбүз.😎 Мазмуну: 1. Өздүк дисиплина деген эмне? 2. Ар бир адам дисциплина сапатына жетишсе болобу? 3. Өздүк дисциплинаны күчөтүүгө кеңештер.  Келиңиздер, бирге өсөлү! 🚀🚀🚀
Кедейби же байбы☘️, жашпы же карыбы☘️, аялбы же эркекпи☘️, айтор ар бирибиздин күнүбүз 24 сааттан турат😉.  Ошентсе да, эмнегедир кээ бир адамдар бир күндө салыштырмалуу көбүрөөк иш бүтүрүшөт🙌.  Анын сыры кандай болду экен? 🤔 Убакыттын алдында баарыбыз тең болсок, анда ар бир адам өз убактысын өзүнө пайдалуу өткөрсө болот, деген натыйжа туура го😉.  Келиңиздер, “Бирге өсөлү” подкастынын 8-чи чыгарылышында биз менен чогуу убакыттын сырын ачуучу сапарга жөнөйлү. 🚀
Мотивациялык кеп: Азыр! Бүгүн! Эң жакшы аракетиңди кыл!
loading
Comments