DiscoverАзаттык үналгысы
Азаттык үналгысы
Claim Ownership

Азаттык үналгысы

Author: ЭЕ/АҮ

Subscribed: 4Played: 66
Share

Description

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.
26 Episodes
Reverse
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасында коомдук ишмер Азамат Алтайга (Кудайберген Кожомбердиев) арналган бурч бар. Анда Азамат Алтай чогултан «Ала-Тоо» журналынын, “Кыргызстан маданияты” гезитинин ондогон нускалары жана үй-бүлөлүк архиви сакталып турат.
"Азаттыкта" иштегендер арасында акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Фатима Абдалова дагы бар. «Азаттыктын» 70 жылдыгына карата Фатима Абдалованы студияга чакырып маектештик. Кубат Оторбаев менен интервьюсунда ал журналистика, чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.
СССР маалында "Азаттык" радиосу кантип уюшулуп калган, кимдер иштеп, угармандар кандай таасир алышкан? 1953-жылы радионун кандай түптөлүп, кансыз согуш жылдары кандай иштегенин "Азаттыктын" кыргыз кызматын негиздегендердин бири Азамат Алтай 2004-жылы октябрда Венера Сагындык кызына айтып берген.
Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегинди “Азаттыктан” кийин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, Кыргызстандын түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятын сүрөгөн ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп иштеген. Аны менен радиодогу ишмердиги тууралуу маектештик.
Ырысбай Абдыраимов 20 жылга жакын убакыт "Азаттыктын" Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчысы болуп иштеген. Ал коомдук-саясий урунттуу окуялардын көбүнө түздөн түз журналист катары катышкан. 2002-жылдагы Аксы окуясын утурлай, ошондой эле "Азаттыктын" 70 жылдыгына карата аны менен маектештик.
"Азаттык" радиосунун эң алгачкы аял кабарчысы, Бактыгүл деген ысым алдында 24 жылдай добушу ободо жаңырган Майра Жакып келинин эскеребиз. "Азаттыкты" түптөгөндөрдүн бири Төлөмүш Жакып уулунун жубайы 2014-жылы Мүнхен шаарында 76 жашында дүйнө салган.
Сөз эркиндиги жана өлкөнүн эгемендиги тууралуу кеп кылганда “Азаттыктын” ролу эбегейсиз экендиги талашсыз. “Азаттыктын” Кыргызстанда түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсандардын бири - Тынчтыкбек Чоротегин. Ал ““Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору болуп бир топ жыл иштеген.
Бул ирет биз белгилүү публицист, журналист, адабиятчы Эсенбай Нурушевди студияга чакырдык. Э.Нурушев радиодо жыйырма жылдай иштеген. “Азаттыктын” баш кеңсеси Прагада көп эмгек өтөгөн. Маекте башкаруунун формасы, бийликтин жоопкерчилиги, мамлекет куруунун тажрыйбасы, сөз эркиндиги тууралуу сөз болду
31 жылдан бери “Азаттык” Кыргызстанда иштеп келатат. 70 жылдык тарыхы бар радионун Бишкек бюросу азыр “Азаттык Медиа” катары иштеп жатат. “Азаттыктын” 70 жылдыгына карата Бишкек бюросун 1998-2005-жылдар аралыгында жетектеген тарых илимдеринин кандитаты Кыяс Молдокасымов менен маектештик.
““Азаттыктын” Кыргызстанга келгенинин өз тарыхы бар. Ага себепчи болгон инсан бул жолку мейманыбыз. Түгөлбай Казаковду биз мыкты композитор, обончу, жазуучу, публицист катары билебиз. Бирок, Түгөлбай Казаков “Азаттыкты” кыргыз жергесине алып келүүгө түздөн түз салым кошкон.
Быйыл 18-мартта "Азаттыктын" обого чыкканына 70 жыл толот. Филология илимдеринин доктору, профессор, түрколог Кадыралы Конкобаев - "Азаттык" үналгысынын Кыргызстандагы алгачкы кабарчысы. Радиодо ал 1980-жылдардын аягы 1990-жылдардын башында иштеген. Аны менен Бишкек студиясында маектештик.
2023-жылдын 18-мартында “Азаттык” радиосу обого чыга баштаганына 70 жыл толот. Бул подкастта "Азаттыктын" тарыхы, радионун Кыргызстандын жана анда жашаган элдин эркиндиги жана укуктары үчүн кошкон салымы тууралуу кеп кылабыз.
Бишкектеги ички миграция, башаламан курулуш, жаңы конуштар жана таштанды полигону... Сүрөтчү, режиссер, архитектор Шайлоо Жекшенбаевдин "Түтүн" аттуу көргөзмөсүндө мына ушул көйгөйлөр ар кыл өңүттөн чагылдырылган.
2019-жылдан бери органдарын алмаштыруу үчүн кезекке турган кыргызстандыктар төрт миңден ашты. Боор, бөйрөк, жүлүн алмаштыруу зарыл болгон бейтаптар коомчулуктан жардам сурап, он миңдеген доллардык операцияга акча чогултууга мажбур.
Бишкектеги базарларда табышмактуу жагдайда кармалып, кургатылып, тутамдап сатылып жаткан уникалдуу кызыл колтук баканын "Кызыл китепке" киргенин баарыбыз билбейбиз. Тукум курут болуп бараткан кызыл колтук баканы сактоо эмне үчүн маанилүү? “Жашыл планета” түрмөгүнөн угуңуз.
Кыргызстанда кунарсыз жерлердин жалпы аянты 500 миң гектар. Анын көбү Баткен облусунда. Бир нече жылдан бери токойчулар мындай боз талааларга жан киргизүү үчүн сөксөөл бадалдарын тандап алышкан. “Жашыл Планета” түрмөгүндө сөксөөл талаалары, токойчулардын эмгеги, тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз.
Баткен - миграциянын күчтүү агымына туш болгон аймактардын бири. Мигранттын айылда калган балдары, үй-бүлөсү чек арада чыр чыккан учурда эң аялуу катмарга айланат. Миграциянын чек ара айылдарындагы балдарга тийгизген таасири тууралуу баянды сунуштайбыз.
Дүйнөлүк тарыхтын нугун өзгөрткөн окуя – СССР деген ири державанын ураганына 25-декабрда 31 жыл болот. 15 союздук республиканы бириктирип, калкы 290 миллионго жетип, Кытай, Индиядан кийинки эле орунда турган чоң өлкө туура 100 жыл мурун - 1922-жылы, 30-декабрда түзүлгөн.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Максат айылынан жер которуп келип, Бишкекте батир издеп жүрүп көз жарган Надира Каримова тууралуу баян.
Дүйнөдөгү эң кир шаарлардын сап башында турган Бишкекте ыш маселеси кайрадан башкы көйгөйгө айланды. "Азаттыктын" кабарчысы борбордун Алтын Казык, Калыс-Ордо жаңы конуштары менен Төмөнкү Ала-Арча айылдарындагы кырдаалды айтып берет.
loading
Comments