DiscoverАзаттык үналгысы
Азаттык үналгысы
Claim Ownership

Азаттык үналгысы

Author: ЭЕ/АҮ

Subscribed: 3Played: 12
Share

Description

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.
23 Episodes
Reverse
Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда калктын 11 пайызы психикалык бузулуулардан жабыркайт. Адистердин айтымында, соңку убакта депрессия, тынчсыздануу, ар кандай терс ойлордун кучагында калып дүрбөлөңгө түшүп, уйкусуздукка кабылгандар көбөйүүдө. Алардын белгилешинче, мындай симптомдордун айынан коомдо суицид, агрессия өңдүү түрдүү көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Өлкөдөгү менталдык оорусу барларга мамиле, дарылоо ыкмалары кандай? Кыргыз психиатриясы өнүгүүдөбү? “Сергек жашоо” подкастында бүгүн ушул суроолорго жооп издейбиз.
Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин Паралимпиадалык оюндар башталат. Ага Кыргызстандан төрт спортчу жолдомо алган. Алардын экөө - Гүлназ Жүзбаева менен Айтунук Жоомарт кызы "Сергек жашоо" подкастында эл аралык мелдешке даярдык, тоскоолдуктар жана колдоолор жөнүндө айтып беришти.
Канткенде үйдүн, кеңсенин ичине кирип келген түтүндөн кантип арылабыз? "Жашыл планета" подкастынан өндүрүшү, калкы, экономикасы жагынан кыйла үлкөн Кытай мамлекети ыш маселесин кантип чечип жатканы тууралуу кеп кылабыз.
Жогорку окуу жайларда билим алган студенттердин басымдуу бөлүгү көчөдөгү тез татымдан азыктанат. Жаштардын 56% фаст-фудду даамдуу деп эсептесе, 43% убакытты үнөмдөш үчүн аны жейт, 14% студенттер тамак-аш кымбат болгондуктан тез татым азыктарын сатып аларын, 6% болсо ага көз каранды экени аныкталган.
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева курамына кирген эл аралык комиссия пандемиянын сабактары тууралуу сентябрь айында жаңы баяндамасын жарыялаганы турат. Экс-президент баяндаманын чоо-жайын “Азаттыкка” маегинде айтып берди.
Коронавирус менен ооруп айыккандар арасында инсульт жана жүрөк оорусу күчөгөндөр болууда.
"Ачык Time" подкастында эркектердин жыныстык саламаттыгын талкуулайбыз. Коногубуз - уролог, медицина илимдеринин кандидаты Нурбек Моңолов.
Кичинекей кезинде дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алган Үмүтжан сыр бөлүшөт. “Азаттык” радиосу “Рейнбоу” коомдук фонду менен биргеликте алардын тагдырына арналган “Сынбайм” деп аталган баяндар сериясынын алкагында кезектеги подкастты сунуш кылат.
Күз келип, сасык тумоо, дем алуу органдарынын курч сезгенүүсү сыяктуу оорулар күчөйт. Ушундан улам адистер сасык тумоого каршы эмделүүнү сунуштап жатат.
Хижама деген эмне? Аны кимдер жасай алат? Кайсы маалда жасаса болот?
Кыргызстанда пандемиядан каза болгон дарыгерлердин саны улам артууда. 2-июлда “Даңк” медалынын ээси, эмгек сиңирген дарыгер, өпкө, боор оорулары боюнча профессор Исхар Фунлоэр мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Акыркы бир нече суткада каза болгон дарыгерлердин саны улам көбөйүп бара жатат.
Жамал Тазабекова - Кыргызстанда коронавирустан каза болгон дарыгерлердин үчүнчүсү. Кызы жана кесиптештери азыр жоготуу азабынан кыйналып турган учуру. Ал ортодо Бишкек, Чүйдө оорунун көптүгүнөн кыйналган дарыгерлер медицина системасын талкалаган реформаларга нааразы.
Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Эркин Чечейбаев пандемия түшүнүгү тууралуу суроолорго жооп берет.
Саламаттык сактоо министрлигинин Вирустарды изилдөө борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов суроолорго жооп берет
Коронавирус деген эмне? Бул суроого Республикалык жугуштуу оорулардын клиникасынын директору Гүлжигит Алиев жооп берет.
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова азыр элди чочулатып жаткан Кытайдагы коронавируска каршы Кыргызстан эмне кылып жатканы тууралуу айтып берди.
Кыргызстан 2030-жылга чейинки өнүгүү жолун аныктаган «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында 2018-жылы «Калктын психикалык саламаттыгын коргоо жөнүндө» өкмөттүк программасын кабыл алган.
Балдары тубаса майып сексенден ашуун эне Бишкекте ар кайсы батирде баш калкалап, кыйналып жашап жүрүшөт. Алар президентке, Жогорку Кеңешке жана бийлик органдарына кайрылышып, мамлекеттик ипотека системасына кошулууну суранышууда.
Жүзүмдү тирүү жандай аздектеген Любомир карыя
loading
Comments 
loading