DiscoverБи-Би-Си дүрбүсүндө
Би-Би-Си дүрбүсүндө
Claim Ownership

Би-Би-Си дүрбүсүндө

Author: BBC Kyrgyz Radio

Subscribed: 3Played: 24
Share

Description

Шабдандын ашындагы ат чабышта байге алган чаар ат баяны

167 Episodes
Reverse
Аталар күнү дүйнөнүн элүүгө жакын өлкөсүндө белгиленет. Анын ичинде Жапонияда, Кытайда, Корейде өзүнчө салты жана символдору бар майрам. “Дүйнө чабытта” бул теманы коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана эл аралык адис Чынар Эсенгул талкуулайт.
Дүйнө өлкөлөрүндө өсүп өнүгөйүн деген талантуу жаштар үчун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес стипендиялар бар. “Дүйнө чабыт” түрмөгүбүздө бул темага коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана эл аралык саясат боюнча эксперт Чынар Эсенгул талкуулайт.
Тарыхый-маданий жайларды мамлекет кантип коргойт?
Кассага салынган аманат акчанын сакталышына мамлекеттер кандай кепилдик берет. "Дүйнө чабыттагы" талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана эл аралык эксперт Чынар Эсенгул.
Кыргызстанда улуттук каада-салтка жамынган караңгылык жана ысырапкорчулук көрүнүштөрү “Дүйнө чабыттагы” талкуунун темасы болду. Талкууга коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана эл аралык мамилелер боюнча адис Чынар Эсенгул катышты.
“Дүйнө чабыттагы” кезектеги талкуу чоң шаарлардагы жолдор жана тыгындар, тазалык жана тартип сыяктуу проблемаларга арналды. Талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана эксперт Чынар Эсенгул.
Кыргызстанда кыргыз тилин билбеген адамдар эми сот тармагында судья кызматына иштей албайт. Жогорку Кеңеш бейшембиде тийиштүү мыйзамды кабыл алды. “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамда мамлекеттик тилдин позициясын күчтөндүрүү боюнча дагы башка дагы көп талаптар каралган. Тил саясатынын дүйнөлүк тажрыйбасына коомдук ишмер Алмаз Кулматов менен эл аралык саясат боюнча эксперт Чынар Эсенгул токтолот.
Европарламентке болгон шайлоодо кайрадан оңчул улутчулдар көбүрөөк жеңишке ээ болду.
Швейцарияда Киевдин демилгеси менен глобалдык тынчтык саммити башталган жатат. Бул саммитке Россия чакырылган жок. Россия катышпаган жыйында Украинанын тынчтык формуласы кантип ишке ашат? “Дүйнө чабыт” түрмөгүбүздөгү талкууга коомдук ишмер Алмаз Кулматов менен эл аралык саясат боюнча эксперт Чынара Эсенгул катышат.
АКШнын Мичиган штатынын соту мектепте ок чыгарып, төрт окуучунун өмүрүн кыйган өспүрүм Итан Крамблинин ата-энесин 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратты.
Коммерциялык эмес же бейөкмөт уюмдар башка алдыңкы өлкөлөрдө куугунтукка алынбай, мамлекеттик өнүгүүгө өбөлгө болгон жакшы тажрыйба көп.
Төрөтканадагы үч өлүмдүн себеби
"Согушту Украина баштады". Путиндин америкалык журналист менен маеги -
АКШ менен Британия Йемендеги хуситтерди бомбалады
Бектемир Асангулов: жамандыктын чамгарагы болбойт
"Төркүнүнөн келип, асынып алды..." Андаракта суицидге барган аялдар
Базарда байыгандар, наалыгандар жана кармалгандар
Украинага жардам. Сенатта кыйчалыштаган маселе
“Дүйнө чабыт” түрмөгүбүздө паранжы, хиджап, никабга тыюу салган өлкөлөрдүн мисалына токтолобуз.
Топчубек Тургуналиев: КДКны КГБ түзгөн эмес
loading