Discover
ЖЕР ЭНЕ
ЖЕР ЭНЕ
Author: ЭЕ/АҮ
Subscribed: 1Played: 15Subscribe
Share
© Бардык укуктар сакталган 2010 - Азаттык үналгысы
Description
Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп, туруктуу өнүгүүгө кантип салым кошобуз?
37 Episodes
Reverse
Президент Садыр Жапаров элди туш келди таштанды ыргытуу адатын токтотуп, табиятты таза сактоого чакырды. Адистер өлкөдө бул көйгөй курч экенин айтып келет. Ал арада мамлекеттен колдоо күтпөй, таштандыны өз алдынча терген жарандар дагы жок эмес. Талас районунун тургуну, акын Улук Рысалиев Өтмөк ашуусуна жакын жерде, ары-бери каттаган жүргүнчүлөр токточу жерди күн алыс тазалап турат. Ал элди таштанды ыргытпоого чакырып, дубал бооруна төрт куплет ыр дагы жазган. “Жер эне” подкастыбызда табият менен эриш-аркак жашаган акын менен баарлашабыз. Подкастты кабарчыбыз Санжи Туйтунова даярдады.
Кыргызстанда быйыл чегиртке жылдагыдан да көбөйүп, айыл чарбасына олуттуу коркунуч жаратты. Айыл чарба министрлиги 92 миңден ашуун гектар аянтты дарылоого аргасыз болду. Соцтармактарда борбор калаанын, Чүйдөгү чакан шаарлардын тургундары чегиртке көп кабаттуу үйгө чейин кирип жатканын жазышууда. “Жер эне” подкастында бүгүн чегирткелер жөнүндө айтып беребиз.
2007-жылы чаккан Кызыл китепке жоголуп бараткан канаттуулардын 50дөн ашык түрү кирген. Кийинки редакцияга андан да көп түрү кириши мүмкүн. Жаратылыштын индикатору саналган куштардын жоголушуна аңчылык, жайыт жерлердин какырап, айдоо аянттарынын көбөйүшү, көлмөлөрдүн соолуп, саздардын кургашы себеп экени айтылып келет. "Жер эне" подкастында орнитолог Сейитказы Сагынбаев Кыргызстанды байырлаган канаттуулар жана алардын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берет. Илимпоз менен кабарчыбыз Санжи Туйтунова баарлашты.
Кыргызстанда соңку жылдары жолбун иттер көбөйүүдө. Адистер жолбундар жергиликтүү фаунага коркунуч туудурганы аз келгенсип, жугуштуу ылаңдын да таратуучусу болуп жатканын айтып келишет. Расмий органдар жолбундар маселесин атуу жолу менен чечкенге аракет кылышууда. Зооактивисттер мындай күрөшкө каршы чыгып, жаныбарларды өлтүрүү ордуна тукумсуздандыруу көбүрөөк пайда берерин белгилешет. “Жер Эне” подкастында бүгүн жолбун иттерге байланыштуу маселеге токтолобуз.
Кыргызстанда кундуз калбай калганы белгилүү болду. Зоологдордун айтымында, бул сейрек жаныбардын жок болушуна адамдын ишмердиги түздөн түз таасир эткен. Кундуздун үзүлгөн тукумун кайра уласа болобу, ал үчүн кандай иш-аракеттерди кылуу керек? Дегеле Кыргызстанда дагы кайсы жапайы жандыктарды жок болуп кетүү коркунучу тооруп турат? “Жер эне ” подкастында зоолог, биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаков ушул маселе тууралуу айтып берет.
“Азаттыктын” “Жер Эне” подкастында Нарындын Чолпон айылындагы тургундардын мээнети менен калыбына келген жайыттар тууралуу айтып беребиз. Айыл активисттери 20 жылдай алектенип жүрүп, такырайып калган 9 миң гектар жайытты калыбына келтирген. Кыргызстандагы жайыттардын аянты 9 млн гектарды түзөт.
Бишкек соңку жылдары ыштын кучагында калды. Экологдор абада күкүрттүн кош кычкылы, көмүр кычкыл газы, азот кычкылы баштаган зыяндуу газдар көбөйүп кеткенин эскертип, коңгуроо кагышкан. “Жер эне” подкастында биз дем алган аба, анын курамы, зыяндуу заттар тууралуу эколог Бактыяр Асанов айтып берет.
Техника илимдеринин кандидаты, доцент, Германиядагы Дрезден техникалык университетинин илимий кызматкери Жамила Сманалиева
менен маекти сунуштайбыз. Ал Кыргызстанда өскөн жер-жемиш жана балдын сапатын изилдейт.
Сел Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды катуу түйшүккө салууда. Бишкек эл аралык деңгээлде тоонун экосистемасын коргоого глобалдык алкакта чара көрүүгө чакырып келет. Климаттык дипломатия боюнча эксперт Дастан Абдылдаев “Жер Эне” подкастында ушул жана башка суроолорго жооп берди.
Кыргыз бийлиги 2027-жылдын 1-январынан желим баштык жана идиштерди өндүрүүгө, колдонууга тыюу салууну көздөп жатат. Эл аралык ишкерлик кеңеши ал мүмкүн эместигин айтып, мыйзам долбоорун өзгөртүүнү сунуштады. Желим баштыкка тыюу салуу тажрыйбасын Ысык-Көлдө ишке ашыруу аракети өзүн актап жатабы?
Эмне үчүн акыркы акыркы 30 жылда Борбор Азияны чаң басты? Чөлкөмдөгү өлкөлөр көйгөйгө каршы кандай күрөш жүргүзүшү керек? Математиканын чаңды азайтуу жана абадагы кирди тазалоодо кандай ролу бар? Нидерландда иштеп жүргөн кыргызстандык окумуштуу Нурмира Жамангулова “Жер Эне” подкастында ой бөлүшөт.
Дыйканчылык жана багбанчылык менен жан баккандар үчүн сууну чыр жаратпай адилет бөлүштүрүп турган киши - мурап. Элеттеги бул кесип абройлуу, бирок түйшүгү көп. Баткендин Самаркандек айылындагы мурап, 58 жаштагы мурап Амирбек Каразаковдун бир күндүк жумушун “Жер Эне” подкастында уктурабыз.
2024-жылдын жаз мезгили дүйнөнүн ар кайсы жеринде болуп көрбөгөндөй суу ташкын жана сел менен коштолууда. Расмий эсепте Кыргызстанда сел жана суу ташкындоо кооптуулугу жогору 3600дөй аймак бар. Анын 1200гө жакынында эл жашайт. "Жер Эне" подкастында ушул маселе тууралуу сөз кылабыз.
Кыргызстанда таштандыны иргөө маданияты эмнеге калыптанбай жатат? Таштандыны кайра иштеткендер эмне үчүн көмүскө жумуш кылууну туура көрүшөт? "Жер Эне" подкастында ушул маселеге кайрылабыз.
"Жер Эне" подкастында койдун жүнү жана анын жер семирткич катары пайдасы жөнүндө сүйлөшөбүз. Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жүндүн жер семирткич катары пайдасы, андан киреше алуунун заманбап жолдору тууралуу айтып берди. Кызыктуу баарлашууну угууга чакырабыз.
Кыргызстанда желим таштанды көйгөйүнө каршы күрөшүү чакырыктары эмнеге соцтармакта, жыйындарда гана айтылып, реалдуулукту маселеге көңүл бургандар өтө аз болуп жатат?
Кыргызстандык геологдор мамлекеттик колдоого муктаж болуп турушат. Жабдууларды дээрлик жарым кылымдан бери жаңырбагандыктан, окумуштуулар чет элдик кесиптештери менен атаандаша албай калышты. Геолог Рустам Орозбаев "Жер Эне" подкастында ушул маселелер тууралу кеп курду.
Кыргызстанда экологияга кам көрүү эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын милдети деген түшүнүк калыптанып жаткан жокпу? Таштанды таштоо маданияты эмне үчүн негизги көйгөйгө айланды? “Жер Эне” подкастында экологдор Гамал Сооронкулов жана Бактияр Асанов менен баарлашуунун экинчи бөлүгүн угууга чакырабыз.
Тоо-кен тармагы жапайы жаныбарларга кандай кедергисин тийгизип жатат? Ал эми төрт түлүк малдан экология кандай зыян көрүүдө? Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт. Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт.
Бишкектеги №64 мектептин биология мугалими Нуржамал Аметжанова окуучулар менен мамык чөп жана арчадан май алып, илимий тажрыйба өткөрүп келатат. Эмгегине лицензия алайын десе, Кыргызстанда мындай тажрыйбаларга илимий аныктама бере турган лаборатория жок. “Жер эне” подкастын угууга чакырабыз.




