DiscoverСоңку жаңылыктар
Соңку жаңылыктар
Claim Ownership

Соңку жаңылыктар

Author: ЭЕ/АҮ

Subscribed: 10Played: 251
Share

Description

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
884 Episodes
Reverse
Израил армиясы Газа шаарын толук басып алуу үчүн даярдыкты күчөтүп, бир миллиондой тургунду жер которууга мажбур кылууда. Палестин анклавындагы кыйын кырдаал, жарым миллиондой киши ачарчылыкка дуушар болуп жатканы Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкууланды. Дүйнөлүк уюмдун баш катчысы Антонио Гутерреш Изарилдин аскердик операциясын кеңейтип жатканын айыптап, "карапайым калкты ачарчылыкка кептөө - согуш ыкмасына айланбашы керек" деди.
28-августка караган түнү Украинанын борбор шаары Киев орус армиясынын жапырт чабуулуна кабылды. Киевдин бийлиги түнкү аба соккулары шаардын жети районундагы турак жайларга, имараттарга залака келтирип, кеминде 15 киши, арасында үч жаш бала мерт болуп, 50гө чукул тургун жарадар экенин билдирди. Жалпы Украинага бейшембиге караган түнү 600дөй дрон чабуул койгону кабарланды.
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына Жеңиш чокусунда буту сынып калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын абалын байкоого учкучсуз аскердик учак да тартылганын жазды.
10-июндан ушул күнгө чейин Кыргызстандан 922 чет элдик депортацияланды. 240 чет элдик жаран депортациясын күтүп, мурдагы "Ганси" борборунун аймагында кармалып турат. Алардын 157и Бангладештин, 80и Пакистандын, экөө Индиянын жана дагы бирөө Египеттин жараны.
Ысык-Көлдүн Тоң районунда катуу жаандан соң сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун каптады. Балыкчы-Каракол жолу убактылуу жабылып, кыймыл калыбына келтирилди. Турак-жайы жабыркагандар селдин алдын алуу иштери начар болгонун айтып нааразы болууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу иши токтотулганын ырастады. Ага ылайык, куткаруучулар 6 100 метр бийиктикке чейин жеткен жана аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу операция белгисиз мөөнөткө токтотулган. Наговицина кошулган төрт кишиден турган альпинисттер тобу Жеңиш чокусуна чыгып кайтып келаткан. 12-августта Наговицинанын буту сынып, баса албай, 7 100 метр бийиктикте калган. Орусиялык басылмалар 12 күндөн бери -25 градус суук жерде жаткан альпинист каза болгонун жазышты.
Газада жарым миллиондон ашуун палестиналык ачарчылыктын кооптуу чегинде жашап атта. Бул тууралуу 21 мамлекеттин эл аралык гуманитардык уюмдарынан турган топтун отчетунда айтылат. Анда 517 миңдей палестиналык толук масштабдуу ачарчылыктын бешинчи баскычында, дагы 1,07 миллиондойу төртүнчү, 396 миңи үчүнчү баскычында экени жазылган.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкекте жеке ишкер этти өкмөт бекиткен баадан кымбат сатканы үчүн 13 миң сом административдик айыпка жыгылганын билдирди. Ушул тапта айыл-аймактарда эттин баасына мониторинг жүргүзүлүп, текшерүүлөр болуп жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 13-августта Бишкек, Ош шаарларында жана облус, райондордо эттин баасын бекиткен.
Саясий айдыңда Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы тарап, күзүндө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрү жөнүндө сөздөр күчөдү. Парламенттин таркатылышына негиз барбы, бийлик мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө кызыкдарбы?
Бишкекте төбө чачты тик тургузган оор кылмыш катталды. Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнүн биринен милиция аялдын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү катары анын уулу кармалган. Бул окуя коомчулукта жаштардын, дегеле коомдогу агрессия, психикалык саламаттык тууралуу талкууну жандантты.
18-августта Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту. Ага удаа эле Трамп менен Зеленскийдин европалык лидерлер менен жолугушуусу өттү. Украин президентине колдоо көрсөтүп, Ак үйгө барган лидерлер: Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте.
Орусияда WhatsApp жана Telegram мессенжерлери аркылуу чалуу бөгөттөлдү. Бул соңку жылдарда мигранттарга ыңгайсыздык жараткан Кремлдин биринчи чечими эмес. Мессенжерлер иштебесе, мекендештер бул жактагы жакындары менен баарлашып туруу кыйын жана чыгымы артат деп камтама болууда.
13-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2001-жылы туулган келин өзү жашап жаткан үйдүн жайкы ашканасында асынып каза болгонун облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Ноокен райондук милициясына "Тез жардам" кызматынан маалымат түшүп, факт Ноокен РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Алясканын борбору Анкориж шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жана Европа лидерлерине телефон чалды.
Президент Садыр Жапаров буга чейин мыйзамсыз тилкелерге турак жай салып, учурда үйү түртүрүлүп жаткан жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй берүүнү тапшырганын билдирди.
Нарында эки айылды облус борбору менен байланыштырып турган көпүрө түшүп кетип, бир адамдын сөөгү изделүүдө. Азыр тургундар көпүрөдөн башка альтернативдүү жол жок болгондуктан айылдан чыга албай, Нарын шаарына каттаганга кыйынчылык жаралды. Жергиликтүүлөр 1960-жылдары курулган жыгач көпүрөнүн кулаганы калганын бийликке бир нече жолу кайрылганы менен өз убаганда көңүл бурулбаганын айтышууда. №8 жол тейлөө кызматынын маалымдашынча эми Эки-Нарын жана Орук-Там эли Кара-Кужур-Сары-Булак-Арчалы-Орук-Там жолу менен каттап турушат. Нарын шаарына чейин 240 чакырым болот.
Сеулдагы сот шейшембиде өлкөнүн мурдагы президенти Юн Сок Ёлдун аялы Ким Кон Хини камакка алды. Юн былтыр декабрда оппозициячыл парламенттин каршылыгын жеңиш үчүн Түштүк Кореяда аскердик абал киргизүүгө аракеттенип, ал чечимин кайра артка кайтарып, январда кармалып, апрелде президенттик кызматтан четтетилген. Июлда расмий түрдө кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн эркинен ажыратылган.
Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган Кыргызстандын 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Бул тууралуу 12-августта Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мындай чара Орусияда жыл башында кабыл алынган миграциялык мыйзамга ылайык көрүлөт. Анда Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш деп жазылган.
Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен үч кызмат адамы жана курулуштарды бузууга каршы чыгып, жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга айыпталып бир жаран кармалды. ИИМ кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлганын билдирди. Буга чейин соттун чечими менен Көк-Жардагы курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши он күнгө камалган. Мындан тышкары, 17 адам милицияга жеткирилип, протокол түзүлгөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин текшерүүсүнүн жыйынтыгында Баткен мамлекеттик университетинен (БатМУ) жана анын тиешелүү түзүмдөрүнөн 2170 студент окуудан чыгарылды. Атайын кызмат билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык жана башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жогорку жана адистештирилген окуу жайлардын талаптарына көңүл бурбоо жана катышуу эрежелерин бузуу фактыларын аныктаган.
loading
Comments