#49 Кубанычбек Жумабай уулу. Мекендештер жаратылышты коргоого кантип жардам бере алышат, жапайы жаныбарлардын жаратылышка тийгизген таасири жана ак илбирстерди сактап калуу көйгөйүнүн үстүндө маек.
Description
Бүгүн бизде конокто Ак илбирстерди коргоо жаатында иш алпарган, Кыргызстанда Ак илбирстерди коргоо фондунун жетекчиси жана Snow Leopard Trust уюмунун улуттук координатору Кубанычбек Жумабай уулу болду.
Мазмуну
0:05 Таанышуу
1:50 Ак илбирстердии коргоо уюму.
2:50 Илбирс жаныбары, жапайы жаратылыш, эко система жөнүндө.
9:47 Кыргызстанда илбирс тин азайышынын себептери.
15:03 Илбирстерди коргоо боюнча ар кандай программалар менен чогуу иш алпаруу.
16:24 Бийик тоолуу райондордогу айылдын жашоочулары менен илбирсти коргоо жана андан коргонуу жолдору боюнча программалардын жүрүшү.
19:00 Эл аралык уюм менен биргеликте жергиликтүү элдер менен кол өнөрчүлүк боюнча кийизден ар кандай оюнчуктарды, шырдак жасоо долбоорлорунун ишке ашуусу.
22:00 Балдарды жаратылышка жакындатуу максатында, аларды кызыктыруу үчүн билим берүү программасы. Мектеп окуучулар арасында 20 группанын түзүлүшү.
23:40 Ар кандай конкурстарды уюштуруп, кызыктыруучу белектер менен сыйлап, алардын арасынан активдүү балдарды тандап алып уюмдун эсебинен тоого лагерге алып барып жаратылышка жакындатуу програмалары тууралуу.
25:48 Кыргызстанда жаратылышты коргоочу аймактардын корукчуларын жылына бир жолу сыйлоо программасы. 26:26 Илбирсти коргоо, изилдөө боюнча илимий программа.
28:10 Экотуризмди өнүктүрүү боюнча программаны сунуштоо.
30:56 Токой чарбасы менен биргеликте бак отургузуу акциянын башталышы жана ал жерлерди туристик объектилерге айлантуу максаттары.
33:33 Мугалимдер менен биргеликте мектептин программасынан тышкары окуучуларга жаратылыш, жапайы жаныбарлар тууралуу кошумча материалдарды берүү боюнча иш алып баруу.
34:10 Айылдарда бал челекчилерди өнүктүрүү, аларды окутуу программасы.