DiscoverКажы-Кужу
Кажы-Кужу
Claim Ownership

Кажы-Кужу

Author: Контентчи

Subscribed: 43Played: 339
Share

Description

«Кажы-Кужу» – кыргыз тилдүү эң алгачкы подкаст. Анын демөөрчүлөрү жана жаратуучулары – Германиядан Азамат Токтакунов жана Кыргызстандан Жаныбек Мукашов. Эки жаратман бул подкастка ар кайсыл чөйрөдөн кызыктуу инсандарды конокко чакырып, алар менен жашоо, кесип жана хобби тууралуу маек курушат. Бул чакан долбоордун негизги максаты кыргыз тилинде сапаттуу маалыматтарды көбөйтүп жана жайылтып, эл арасындагы коммуникацияны тереңдетүүгө багытталган.
61 Episodes
Reverse
Мазмуну 0:06 Жаныбек Мукаштан подкаст башы 0:25 Дастан Биримкулов. Кесиби жана өзү жөнүндө. 1:22 Музыка дуйнөсү, адамдар музыканы эмне себептен үйрөнүүсү керек? Музыка адам баласына эмнеге керектелет? Классикалык музыканын мааниси жана таасири? 6:50 Кыргызстандык музыкант кантип өз потенциалын колдонуп каражат тапса болот? Монетизация жасоонун жолдору, түрлөрү. 12:23 Бишкек шаарында музыканттар эмне себептен көчөгө өз алдынча чыгып эл астында ойношпойт? Жакшы идеянын жарыяланышы. 19:49 Техникалык кыйынчылыктардын башка дагы кандай кыйынчылыктар бар? Жаш курагы ортолоп калган адамдар музыкалык аспаптарын үйрөнүү мүмкүнбү? Кандай талаптар бар? 22:13 Кыргыз музыкалык аспаптары канча түргө бөлүнөт? 23:51 Дастан мырзадан угармандарга эки кеп сөз. 25:18 Жакын арада пландалып жаткан концерттер тууралуу. Жергиликтүү автордук музыканы колдоо көйгөйү. Таланттуу жергиликтүү композиторлордун ийгилиги эмнеден көз каранды? 30:34 Кыргыз искусство адамдарынын жеке портфолио түзүү темасы. Колдонулуп жана кетирип жиберген мүмкүнчүлүктөр, контент жаратуу, жеке бренд түзүүдө маркетингдин орду. 45:20 Элдин музыка маданиятына болгон көз карашынын европалыктар менен кыргыздардын айырмачылыгы эмне себептен келип чыккан? 50:18 Подкасттын соңу.
Мазмуну 0:12 Азамат Токтакуновдон саламдашуу 2:16 Тааныштыруу. Махабат Садырбек 3:33 Чөйрөнү жасоодо бир нече этаптардан кийин, универсалдуу бир платформа жасоо аракетинин жыйынтыгы кандай болду? Чөйрөнүн азыркы варианты кандай? 06:54 Тааныштыруу. Азамат Жаманкулов 07:34 Келечек Дижитал командасында иштер кандай жүрүп жатат? Чөйрөнүн идеясына кандайча ишенип кошулуп калдыңар? Бишкекте Чөйрөнүн идеялары кандай кабыл алынып жатат 12:23 Тааныштыруу. Гулира Калыкова 12:50 Стамбулда туруп иштер кандай жүрүп жатат? Чөйрө платформасы иштерди кандай алып барып жатат? 16:59 Тааныштыруу. Мээрим Абдрахман кызы. 17:20 Чөйрөчүлөрдүн долбоорлордогу ички процесстери кандай жүрүп жатат? Өз тажрыйба таржымалы кандай? 24:33 Азамат Токтакуновдун Чөйрө платформасын жасап, иштетүүдөгү тажрыйбасы. Чөйрөнүн келечеги кандай болуш керек? Чөйрөнү ким үчүн жасап жатабыз? Чөйрөнү өнүктүрүүдө кайсы нукка бурулуусу керек? 35:15 Чөйрө платформасын жаңы кошула турган жаратмандарга кантип жеткире алабыз? Эл арасына кандай кадамдар менен жайылта алабыз? Ушул жолдогу кийинки кадамдарыбыз кандай болуусу керек? 35:35 Чөйрө платформасы бул жеңил, көңүл ачуучу жер эмес, тескерисинче оор салмактуу, иштөөнү каалаган жана иштеп жаткан жаратмандар болгон жер. 49:32 Кызыктуу маек, кызыктуу подкасттын соңу.
Мазмуну 0:08 Азамат Токтакуновдон кириш сөз. Жер жүзүнүн төрт бурчунан коноктор менен ITнин келечеги, кандай иштер жасалды жана дагы кандай иштер болот? Келечек, Чырак долбоорлору бүтүп, кандай жыйынтыктар болду? 1:17 Тааныштыруу. Сейитбек Усманов 2:12 Getforce буткемптин идеясы кайдан келип чыккан? Кандай жыйынтыктар болду? Азыр кандай иштеп жатат жана кийинки пландар кандай? 4:56 Getforceтун пландары тууралуу кененирэээк маалымат. Дагы башка идеялар жана долбоорлор тураалуу? Бакыт Абдишов, Али Токтакунов менен коллаборациялар эмне жонундо? 8:39 IT окутуу идеясы кандайча келип чыкты? 9:14 Тааныштыруу. Бакыт Абдишов 10:07 Сейитбек Усманов жана Тимур Моун менен таанышуу. Келечек долбоорунун идеясынын жаралуусу. Келечек долбоорунан жыйынтыктар. 14:54 Тааныштыруу. Тимур Моун 15:40 Келечек, Чырак, IT классика долбоорлорунан кийин азыр, келечекте кандай иштер пландалып жатат? 26:10 Чөйрө долбоорунун иштери. Чөйрөчүлөр жана долбоорлор. Эми кандай иштерди жасоо мүмкүн? Долбоорлорду ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору? 32:58 Айдана Омурбаеванын Tech talk каналынын кыргызстандыктарга болгон пайдасы, ютуб видеолорунун салымы чоң болду. Дүйнөнүнүн төрт бурчунан менторлордун жардамы кыргызстандыктардын жашоосунун өзгөрүүсүнө салымы чоң. Маалымат таратуунун пайдасы. 40:32 Жылдыз академиясынын кийинки пландары кандай? Дагы бекер IT окутуу долбоорлору болобу? 52:13 IT темасы тууралуу эң эле ачык подкасттын соңу.
Мазмуну 0:05 Азамат Токтакуновдон кириш сөз. Германияда кыргыздарга уюм түзүү кереги барбы? Германияда кыргыздардын 16 уюму бар, уюмдар кандай иш алып барат жана алардын максаттары кандай? 0:58 Тааныштыруу. Гүлмайрам Чигдем. 1:33 Жаңы түзүлгөн “Мурас” кыргыз-казак-герман уюму жана ал кандай иш алып барат? Уюмдун максаттары кандай? 6:55 Кыргыз-Герман ИТ уюму. 7:35 Тааныштыруу. Эркин Карымшак. 8:12 Кыргыз-Герман ИТ уюму кандай максатта түзүлдү? Дагы бир уюм түзүү кереги бар беле? Кандай долбоорлор жасалып жатат? Башка уюмдардан айырмасы кандай? 13:20 Кыргыз Гамбург уюму. 13:39 Тааныштыруу. Адилет Шаршекеев. 14:09 Кыргыз Гамбург уюму түзүлөбү? Азыркы статусу кандай? Уюмдун тарыхы кандай? 17:24 Уюмдардын мындан кийинки максаттары кандай? Кандай көйгөйлөр бар, сүйлөшүүлөр болуп жатабы? Уюм жетекчиси катары кандай максаттарды коюп жатасыздар? Жаңы келген кыргыздардын максаттары, көйгөйлөрү кандай? 30:46 Иш боюнча келген кыргыздарга алдын ала маалымат беруу көйгөйү? Уюм жетекчилеринин федерация түзүлүүсүнө ой-пикириңиздер кандай? 44:20 Позитивдүү нотада подкасттын соңу.
Мазмуну 0:05 Жаңы сезон. Азамат Токтакуновдон кириш сөз 1:05 Тааныштыруу. Азамат Исмаилов 2:15 Европада федерация, конфедерация түзүү идеясы кайдан жана кимден келип чыкты? Федерация түзүүгө кандай себептер бар? 5:43 Тааныштыруу. Нуран Мукаш 6:40 Федерация түзүүнүн кереги барбы? Европадагы кыргыздар федерацияга биригүүгө даярбы? 11:22 Тааныштыруу. Махабат Садырбек 13:33 Федерация кантип ишке ашырылышы керек? Кандай тексттер жазылышы керек? Федерацияны түзүүдө негизи эмнелер кажет? 15:55 Чөйрө платформасынын түзүүлүшү, жана дагы кандай потенциал бар? 17:54 Эмне себептен диаспора эмес, федерация термини? Конфедерациянын башкаруу системасы, каражат жагы кандай болот? Меморандум бул кандай болгон макулдашуу, жана кимдердин арасында? Амбициясы чоң лидерлерди бириктирүү оңойбу? Конфедерациянын иш алпаруу жолдору. Уюмдардын конфедерация ичиндеги укуктары. 27:30 Федерация терминин талкуулоо. Диаспора термининин орду жана мааниси. Уюмдарды каттоо тартиби. Меморандумдун түзүлүшү. Конфедерацияга расмий офис даярдыгы. 33:30 Нейтралдуу Чөйрө платформасынын мүмкүнчүлүктөрү. Федерация түзүүдө Чөйрө платформасынын пайдасы, келечектеги потенциалдары. 38:41 Жыйынтыктоо.
Бүгүн бизде конокто 10 жылдан бери Малайзияда жашап, эмгектенген Айгүл Акималиева болду. МоМ менен келишимдин негизиндеги акыркы подкаст жана бул подкастта миграциядагы айымдардын дээрлик жалпыланган көйгөйлөрү тууралуу сөз болду. Мазмуну 0:22 Таанышуу 2:45 Мигранттардын көйгөйлүү темалары. Үй-бүлө тууралуу, мигранттык жолунун башы Россияда. Мигранттар тууралуу жаңылыш түшүнүктөр. 6:36 Мигранттардын маалымат жетишсиздигинен тарткан кыйынчылыктар. Укуктарын билбегендиктен тарткан кыргыз жарандардын кыйынчылыктары да, көбүнесе маалыматтын жоктугунан келип чыгат. Аялдардын тарткан кыйынчылыктары, жана аялзатына чакыруу. 10:45 Адамдардын ишенчээктиги, андан келип чыккан ситуациялар. 12:22 Жеке тажрыйба тууралуу жана азыркы Кыргызстандагы акыбалга көз караш. Жаштар тууралуу ою. Билимге чакыруу. 15:22 Автордон “Келечек”, “Чырак” долбоорлору тууралуу, азыркы замандын кыз-келиндеринин билимге, ITге болгон умтулуусу тууралуу маалымат. 18:40 Экспорт жана импорт тууралуу кеп кеңештер. Кыргызстандагы аш-заттардын чет жердеги заттар менен айырмачылыгы. 21:05 МоМ менен келишимдин негизинде жаздырылган подкасттарда көп маалымат топтолду. 22:25 Акыркы сөз, чакырыктар жана кеңештер, подкасттын соңу.
Бүгүн бизде конокто коомду изилдөө жаатында эмгектенип жүргөн Нагима Абдылдаева. Коомдогу көрүнүштөр, фактылар жана өзгөрүүлөрду изилдөөлөргө байланыштуу аткарылып жаткан иш-аракеттер жана ар тараптуу темада маек. Мазмуну 0:06 Таанышуу. Билим таржымалы. 3:35 Public policy изилдөө. 2010-жылкы өткөн парламенттик шайлоодо байкоочу тажрыйбасы. Шайлоодогу окуялар. 14:10 Изилдөө боюнча кеңири маалымат, Public policy форматы. Изилдөөлөрдүн форматына жараша маалымат топтоонун түрлөрү. Фокс группалар менен сурамжылоо жүргүзүү. 23:19 Интервью, эксперттер менен жолугушуу. Сурамжылоонун сапатын жакшыртуу үчүн планшет колдонуу. 36:40 Чек арадагы жүктөрдү каттоо боюнча изилдөө жана кыйынчылыктар, жүктөрдү текшерү ыкмалары. 57:33 Оймо жана сайма саюу, кыргызчылык жөнүндө кеңири, ишенич жана ишеним, билим тууралуу. 1:16:13 Чоң атасынын айткандары, улуттук баалуулуктар, дин тууралуу жана башка ойлор. Бала чактагы окуялар. Коомго болгон туура көз караш. Мазардагы шайыктар, алдамчылык окуялары.
Бүгүн бизде конокто учурда Екатеринбург шаарында түзүлгөн кыргыз диаспоралдык коомдук уюмунун жетекчиси Гульшан Долонбаева. Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын ролу жана жетишкендиктери, жарандардын ар кандай көйгөйлөрүн чечүүдөгү аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу маек. Мазмуну 0:06 Таанышуу 1:06 Кесиптик өмүр баяны. Екатуринбург шаары, андагы Кыргыз диаспоралык коомдук уюм тууралуу. 2:11 Диаспора боюнча кыскача түшүнүк. Диаспоралардын ар кандай саясий курал катары колдонулуп жаткандыгы жөнүндө. 4:40 Жарандардын диаспоранын жүргүзгөн кызматы тууралуу маалыматынын жоктугу, коомго, диаспорага тийгизген салымы, милдеттери тууралуу билбегендиги. 10:30 Россия Федерациясында кыргыз диаспоралары биргелешип бир чоң күчкө айланса, жергиликтүү бийликтин алдында оорду чоң болоору тууралуу ойлор. 12:50 Дүйнө жүзүндөгү кыргыз диаспоралары биригип илим-билим, маданият, саламаттыкты сактоо же гуманитардык багытта иш чараларды алып кетсе болоору тууралуу ой пикири. 14:19 Диаспоранын ичиндеги ар түрдүү градациядагы адамдар, Россиядагы мигранттар менен Европа, Америкадагы мигрантардын айырмачылыгы. 16:12 Россияда кыргыз диаспоралык коомдук уюмдардын көйгөйлөрү жана аларды чечүүдөө иштеп жаткан коомдук активистерге ыраазычылык. 19:50 Кыргыз диаспорасы Россия Федерациясынын мыйзамдарынын негизинде иш алып барат. Кыргызстан-Урал диаспорасынын тарыхы, коомдук уюмду түптөгөн активистер жөнүндө. 22:10 Диаспоранын максаты улуттук аң-сезимди сактап калуу, кыргыз маданиятын, тилин, үрп адаттарын кийинки муунга өткөрүп берүү. 26:14 Алгачкы жолу миграциядагы аялдардын орду, жүзү тууралуу 2019-жылы эл аралык конференция өткөрүү демилгесин көтөрүшү. 28:22 Демилге колдоого алынып, ошол жердеги жергиликтүү бийликти, кыргызстандыктарды миграциядагы аялдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруусу. 29:20 Россиядагы ишкер айымдардын көйгөйлөрүн чечүүдө жасалып жаткан иш чаралар. 36:20 Россияда болуп жаткан окуялар тез арада бүтүп, жакшы нукка түшүп, ааламда тынчтык болсун деген ой тилек менен маек аяктады.
Бүгүн бизде конокто Кыргыз Республикасынын Эмгек, социальдык камсыздоо жана миграция министирлигинин алдындагы жарандарды чет жерде иш менен камсыздоо борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев. Мазмуну 0:05 Таанышуу 1:06 Эмгек таржымалы. Мекеме тууралуу жана анын аткарган фунциялары. 2:05 Жарандарды Россия, Корея, Бириккен Арабтар Эмираттарына, Катар, Турция өлкөлөрүнө жумушка орноштуруу. 3:08 Япония өлкөсү менен болгон келишим, пандемияга байланыштуу токтоп турганы тууралуу. 4:22 Жарандарды чет өлкөгө келишимдин негизинде конкреттүү түрдө жумушка орноштуруу жолдору. 6:15 Жумушка орноштуруу боюнча жеке менчик агенттиктер менен мамлекеттик мекеменин ортосундагы айырмачылыктар. 7:16 migrant.kg сайтында жарандарга толук маалыматтар берилгени тууралуу. 8:30 Кара тизме көйгөйлөрүн чечүүдө migrant.kg сайтындагы ресурстарды колдонуу менен жарандар керектүү маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрү. 9:58 Жумушка орноштуруучу жеке менчик агенттиктер менен болгон көйгөйлөрдү чечүү жолдору. 12:20 Жарандарды башка мамлекеттерге келишимдин негизинде татыктуу жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу. 17:37 Кулчулукка, оор кырдаалга кабылган жарандардын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору. 19:30 Справочник мигранта мобильдик тиркемесин көчүрүп алып, бардык косулдук, дипломтиялык мекемелер менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрү. 21:26 migrant.kg сайтында « Мамлекеттик тейлөө» функционалына кирип жарандар анкета толтура ала тургандыгы тууралуу айтылды. 23:16 Маектешүүнүн соӊунда Алмаз мырза жарандарга пайда алып келе турган системаларды жакшыртуу жана аны ишке ашыруу боюнча чет өлкөдө IT тамагында иштеген мекендештер менен биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирди.
Бүгүн бизде конокто Германиянын Халле шаарынан антрополог Аксана Исмаилбекова менен бүгүнкү күндүн актуалдуу суроолорунун үстүндө маек курдук. Мазмуну 0:20 Таанышуу. Германияга келүү окуясы. Өмүр баяны. Иш таржымалы. 3:40 Тууганчылык темасы антропологияда, туура эмес тууганчылыктын идеясын өзгөртүү. 7:15 Миграция жагында илимий изилдөө. Элдин бир кырдуу оюу жана чыныгы көрүнүш. Мигранттардын акыбалынын массмедиада берилген идея менен келишпестиги. 11:40 Бүгүнкү күндүн 3 чон катастрофасы: экологиялык катастрофа, пандемия жана согуш. Согуштун бизге тийген залакасы жана негизи согуш жөнүндө. Орусиядагы баардык тааныгандарыбызды альтернативдуу маалымат менен камсыздоо абзел. Мамлекеттин азыркы акыбалдагы позициясы. Орусиядагы экономикалык кризистин кыргыз мигранттарынын тийгизген таасири. Мигранттарыбызды башка жолго, башка мамлекеттерге багыттоо. 22:40 Эл катары биригүү идеясы. Мамлекетти барктап билип, колдоп, жаңы багытты көздөө идеясы. 24:15 Кыргызстандын келечеги жаңы кесиптерде. Жаштардын жаңы, заманбап кесиптерге ээ болуу. Жарандарды Европага алып келип, иш менен камсыздоо идеясы. 27:00 Кыргызстандык жарандык активизм. Жаңы тренд кесип IT тармагы, Келечек долбоорунан 2500 адам окуп чыкты, Чырак долбоорунда азыр Кыргызстандык 10000 кыз-келиндер, апалар окуп башташты. 29:05 Чөйрө долбоорунда мекендештердин биригүүсү. Мамлекеттик ишкерлер менен подкасттардын жазылуусу менен коммуникациялардын башталышы. 30:25 Жаштарга немис тилинен бекер окутуучу курстарды ачуу идеясы. 32:12 Подкасттын соңунда жакшы сөз, жакшы тилек.
Бүгүн бизде конокто Ак илбирстерди коргоо жаатында иш алпарган, Кыргызстанда Ак илбирстерди коргоо фондунун жетекчиси жана Snow Leopard Trust уюмунун улуттук координатору Кубанычбек Жумабай уулу болду. Мазмуну 0:05 Таанышуу 1:50 Ак илбирстердии коргоо уюму. 2:50 Илбирс жаныбары, жапайы жаратылыш, эко система жөнүндө. 9:47 Кыргызстанда илбирс тин азайышынын себептери. 15:03 Илбирстерди коргоо боюнча ар кандай программалар менен чогуу иш алпаруу. 16:24 Бийик тоолуу райондордогу айылдын жашоочулары менен илбирсти коргоо жана андан коргонуу жолдору боюнча программалардын жүрүшү. 19:00 Эл аралык уюм менен биргеликте жергиликтүү элдер менен кол өнөрчүлүк боюнча кийизден ар кандай оюнчуктарды, шырдак жасоо долбоорлорунун ишке ашуусу. 22:00 Балдарды жаратылышка жакындатуу максатында, аларды кызыктыруу үчүн билим берүү программасы. Мектеп окуучулар арасында 20 группанын түзүлүшү. 23:40 Ар кандай конкурстарды уюштуруп, кызыктыруучу белектер менен сыйлап, алардын арасынан активдүү балдарды тандап алып уюмдун эсебинен тоого лагерге алып барып жаратылышка жакындатуу програмалары тууралуу. 25:48 Кыргызстанда жаратылышты коргоочу аймактардын корукчуларын жылына бир жолу сыйлоо программасы. 26:26 Илбирсти коргоо, изилдөө боюнча илимий программа. 28:10 Экотуризмди өнүктүрүү боюнча программаны сунуштоо. 30:56 Токой чарбасы менен биргеликте бак отургузуу акциянын башталышы жана ал жерлерди туристик объектилерге айлантуу максаттары. 33:33 Мугалимдер менен биргеликте мектептин программасынан тышкары окуучуларга жаратылыш, жапайы жаныбарлар тууралуу кошумча материалдарды берүү боюнча иш алып баруу. 34:10 Айылдарда бал челекчилерди өнүктүрүү, аларды окутуу программасы.
Бүгүн бизде конокто КРнын тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаментинин бөлүм башчысы менен олуттуу темаларда маек курдук. Мазмуну 0:26 Таанышуу 1:25 Тышкы иштер министирлигинин бөлүмдөрү, функциялары, реорганизация тууралуу. Тышкы миграция саясаты. Мигранттардын түрлөрү. Чет өлкөдөгү жердештердин арасында мамлекеттик саясатты жүргүзүү. Чет өлкөдөгү миграннттардын базасын түзүү. 5:25 Президенттин астындагы мекендештердин кеңеши. Башка мамлекеттин жарандыгын алган Кыргызстандык жарандардын Кыргызстанга келүүдөгү шарттары. Автоматташтырылган документтердин системасы жана чет элдик атайын документтин жакшы жактары. 9:42 Чет өлкөдөгү мекендештер менен видео конференциялар өткөрүлүп, көптөгөн мамлекеттик органдар катышып, көп суроолорго жооп беришти. Дагы да видео конференциялар пландалууда. 11:48 Мамлекеттик ипотекалык кампания менен жердештердин конференциясы болуп өттү. 14:45 Россиадагы диаспоралар менен чогуу иш алпаруу. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маркумдарды алып келүүдөгү жардамдар. 19:27 Чет өлкөгө мыйзамсыз жолдор менен барган жердештерге ар түрдүү кылмыш иштерин козгоо жана мыйзамсызсыз жөнөткөн агентстволордун үстүнөн кылмыш иштерин козгоп, контролдоо. 26:12 Чет өлкөдөгү кадр саясаты. Германиядагы мигранттардын көйгөйлөрү. Мигранттардын иштери, уюмдар жана диаспоралар. Жарандардын бир-бирине колдоо, түрткүсү. Көйгөйлөрдүн чоңу жарандардын мамлекеттик органдар менен биригип, чогуу иш алпаруусу. Чет өлкөдөгү жарандар менен чогуу иш алпарууга пландар.
Бүгүн бизде конокто ар таланттуу жаш журналист Айпери Хожаева. Журналисттик жумуштун оор-жеңил тарабы, жашоого койгон максаттар жана кыялдар. Жеке тажрыйбалардын баалуулугу жана адамдардын жашоо баалуулуктары жөнүндө кызыктуу маек куруп берди. Мазмуну 0:26 Таанышуу 1:19 Иш таржымалы. Журналистика (дата журналистика). Этикалык кодекс. Журналистик иште стресске туруктуулук. 30:47 Үн коштоо жааты. Дебат темасы. К-Поп. Медианын адамдарга болгон таасиринин мааниси. 54:02 Жеке көз карандысыздык. Кесип тандоо суроолору, өз алдынча жашоо. Кошумча жумуштар, акча чогултуу түшүнүгү. Кореяга баруу жаңы кыялы. BTS концертине кыялы. 1:17:02 Кыялдар орундалат. Жаратмандар жана өз ичинде дүйнө жараткандар. Келечектин кыялдары, максаттар. Жакшы көрүп жеген тамактар. “Сүмөлөк” тажрыйбасы. 1:42:45 Кыргыз “кальмар оюндары”. Фамилия тарыхы. Калп-чындык подкастынын автору. Коштошуу.
Бүгүн бизде конокто өлкөбүздүн экологияны коргоо жаатына өзүнүн салымын кошуп келе жаткан, өкмөттүк эмес «Unison» коомдук фондунун негиздөөчүсү Нурзат Абдырасулова. Мазмуну 0:06 Таанышуу 0:42 Кесиптик өмүр баяны. 1:40 Экологияны жакшыртуу максатында 2002 жылы «Unison» коомдук фондун ачуусу, аткарган иштери. 2:20 Эл аралык долбоорлор, аналитика, өкмөттүк уюмдар менен жаңы мыйзамдарды жакшыртуу боюнча иштерди алып баруусу. 3:05 Курулуш агенттиги менен биргеликте «Кыргызстандагы имараттардын энергиялык натыйжалуулугу» - деген мыйзамды иштеп чыгуусу. 4:44 Климаттын өзгөрүүсү боюнча маалыматтын аздыгы, кургакчылык, жайкы чилде. 7:06 Суунун азайышы, энергиялык, ирригациялык маселердин келип чыгышы боюнча «Unison» коомдук фондунун иштери. 8:14 Бейөкмөт уюмдар менен биргелешип «Кыргызстан Жашыл Альянс» ассосациясынын түзүлүшү. 10:22 Турак-жай курууда туура кадам жасоо, энергиясы үнөмдүү үйлөрдү салуу. 12:20 Имараттарды жылуулоо боюнча «Кыргызстанда туруктуу каржылоо програмасы». 14:01 Курулуш материалдарын тандоо боюнча кеп-кеңеш, маалыматтар фонддун сайтында берилген. 18:52 Бишкек шаарындагы ыш маселесин чечүү жолдору. 20:51 Автономдуу булактарды койуу менен энергия алганга мүмкүнчүлүк түзүү, иш жүзүндө кеңсесине күндөн энергия алган панельди койгону. 25:51 Yйлөрдү жылытуу системаларын жаңы технологияга өткөрүү, коом менен иш алып баруу, экология тууралуу аң-сезимибизди өзгөртүү тууралуу.
Бүгүн бизде конокто көп жылдан бери миграция тармагында иштеп жүргөн, учурда Жогорку кеңештин алдындагы миграция кеңешинин катчысы Медер Рахман. Мазмуну 0:06 Таанышуу 1:06 Кесиптик өмүр баяны. 2:11 Миграция кеңеши тууралуу. 5:10 Уюмду ачуу сунушу, тоскоолдуктар, колдоолор. 11:09 Алгачкы жолу сыртка чыгышы, темир жол каттамындагы мигранттардын көйгөйү. 15:46 Ɵзүнүн жана мекендештердин укугун коргогону, аларга укуктары жөнүндө маалымат бергени. 17:36 Темир жол каттамы тууралуу маалыматты изилдеп, президент А.Акаевге мигранттардын укугун коргоо боюнча кат менен кайрылуусу. 18:18 Москвага аспирантурага тапшыруу, убактылуу иштөө, мекендештер, таасир калтырган окуялар. 30:30 Мекендештердин көйгөйүн чечүү үчүн элчиликке сунуштар, колдоо болбогону. 31:38 2006-жылы Екатеринбург шаарына элчиликке жумушка чакырылышы. 35:47 Миграциялык кеңеш ачылгандан бери аткарган иштери, 2020-жылы ковид учуру, курьер мекендештердин көйгөйүн чечүүсү. 39:12 Алдыдагы максаттар, миграциялык ресурс ачуу, сыртка чыгуучуларды окутуу, техникалык кесиптер менен камсыздоо тууралуу.
Бүгүн бизде конокто IT багытындагы Поларис, Келечек, Сириус долбоорлорунун проект менеджери Олжобай Искандер менен маек. Мазмуну 0:05 Таанышуу 1:41 Ɵмүр баяны. Балалыгы. Билим таржымалы. 3:10 Маданият министринин жардамчысы, жеке бизнес. ITге «Айылдан ITге» долбоорунан кийин кызыгуусу. 06:10 Жылдыз академиясы. Менторлор менен таанышуусу. 10:05 Келечек долбоору. Спонсорлор Бакыт, Айдана менен бирге долбоордун башталышы. 11:25 Поларис долбоору жөнүндө. Келечек 2.0 долбоору. 15:02 Жылдыз академиясынын таржымалы. 16:35 Келечектен кийин Сириус долбоору, Саммер челленж, креативдүү Келечек, тоскоолдуктар, изилдөөлөр, жаңы программаны иштеп чыгуу. 18:18 Кыргыз-тилинде курс, JS боюнча 2-модуль, ыңгайлуу окуу шарттары, талаптар. 32:00 Чырак, IT классика долбоору тууралуу. 38:45 Ыраазычылык, долбоорлорго ийгилик каалоо тилектер.
Раиса Одко. Кыргызстанда билим алып жаткан монгол кызы менен өмүр баяны, Монголия өлкөсү, Кыргызстандагы билим алуусу жөнүндө кызыктуу маек болду. Бүгүнкү коногубуз учурда Кыргыз Манас Түрк университетинде котормочу бөлүмүндө билим алып жаткан монгол кызы Раиса Одко. Мазмуну 3:15 Таанышуу 04:09 Монголия калкы саны. 08:25 Кыскача өмүр баяны, өлкөсү жөнүндө. 20:50 Атасынын кеңеши, Манас түрк универстети. 24:12 Кыргызстанга келиши. Тил билбей кыйналганы. 27:08 Жатакана, кыргыз кыздар менен чогуу жашоо. 32:55 Манас университети, кыйналганда эжейлердин берген кеңеши. 37:35 Котормочулук кесип, Манас университети жөнүндө. 44:25 Кыргызстан жөнүндө табияты, адамдары. Туркияга барганы. 58:09 Бала чагы, чоң атасы, жеке жашоо. 1:18 Монголияда жаңы-жыл, кесиптер, шаарлары, киноиндустрия, бүркүтчүлүк өнөрү, туризм. 1:29 План койуу, бир жылдык, беш жылдык, бир күндүк. Чөйрө тандоо. Максатты туура койуу. 1:35 Ата-эне, бир туугандар, ынтымактуулук. 1:42 Эки аты тууралуу.
Мазмуну 0:25 Таанышуу 3:50 Кыскача биография, билим таржымалы, Турцияга окууга өтүүсү. 10:25 Психология жөнүндө. Кыргызча психология долбоору. Баткен окуясы учурундагы кыйынчылыктар жана күтүлбөстүктөр. Кыргызстанда психология түшүнүгү. 21:45 Пландаштыруунун нюанстары жана өзгөрүүлөр. Келечектеги өзүңө кат. Мотивация. 38:08 Mindset жөнүндө. Угуучуларга жаңы жылга жакшы тилектер.
Бул подкастта Азамат Токтакунов жана Жаныбек Мукаштан жыл жыйынтыктоочу кызыктуу маек сунулду. Долбоорлор жөнүндө жана авторлордун жеке тажрыйбасы, Кажы-Кужу подкастынын ички процесстери жөнүндө алчачкы жолу кенен бөлүшүлдү.
Бүгүнкү коногубуз кыргыздын чыгаан, илимпоз кыздарынын бири, бир нече илимий макалалар, илимий иштердин авторлорунун бири Гулзат Баялиева. Мазмуну 0:55 Таанышуу 1:30 Өмүр баян, бала-чагы, билим жолундагы узак жол. 8:13 Чет өлкөгө кетүү чечими. 12:38 Үй бүлөө. 14:14 Илимпоз кесиби. 19:15 Илимий изилдөөлөр. 22:35 Кыргызстандын келечеги жөнүндө. 27:53 Кыргызстан чет өлкөлүктөрдүн көзү менен. 33:09 Чет өлкөдөгү  кыргыздардын «Karaan Global» долбоору жөнүндө.
loading
Comments (3)

Malina Kalina

классный подкаст ✊

Apr 4th
Reply

Нурлан Асанов

"Кажы-Кужу" 🤣😂🤤

Jun 29th
Reply

Анарбубу Уметалиева

Соонун подкаст баштап жатасынар 😍!Силерге ийгилик каалайм!

May 22nd
Reply
Download from Google Play
Download from App Store