Discover
БИРГЕ

27 Episodes
Reverse
Бүгүн биз карьерасын куруп жаткан ар бир жаш адамга тиешелүү тема — жумуш ордунда психологиялык ден соолук жөнүндө сүйлөшөбүз. Бул эмне үчүн маанилүү? Анткени жакшы психикалык ден соолук жемиштүү болууга стресске туруштук берүүгө жана жумуш менен жашоонун тең салмактуулугун сактоого жардам берет. Тилекке каршы, тынчсыздануу, чарчоо же жумуштагы чыр-чатактар сыяктуу көйгөйлөр көп кездешет жана алардын таасири кесепеттүү болушу мүмкүн.
Жаштар — бул биздин келечегибиз айтыпта калабыз жана алардын психологиялык абалы алардын жумуштук жөндөмдүүлүгүнө, коомдук жашоодогу активдүүлүгүнө жана жалпы коомдун өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этет. Бүгүн биз абдан маанилүү жана актуалдуу тема тууралуу сүйлөшөбүз: жаштардын психологиялык ден соолугуна таасир этүү, алардың жумушу жана коомдук жашоодогу активдүүлүгү.
Бүгүн биз биринчи эпизоддо талкуулаган теманы улантабыз — социалдык тармактардын жаштардын менталдык ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу сөз кылганбыз. Бул жолу FOMO эффекти тууралуу сүйлөшөбүз. Бул эмне жана аны менен кантип күрөшүү керек? Бизде конокто психолог Айда Жанышбекова жана жарандык активист Айпери Акылбек кызы
Биринчи эпизодубузда биз социалдык медианын өзүн-өзү баалоого, дүйнөнү кабылдоого жана жаштардын психикалык саламаттыгына тийгизген таасири жөнүндө маек курабыз. Баардык суроолорго бүгүн психолог
Аида Жанышбекова жооп бермекчи жана ошондой эле биздин студияда жарандык активист Үмөтаалы Маметов
Все мы знакомы с ситуациями, когда слова поддержки так необходимы, а подобрать их не так просто. Когда кто-то попадает в тяжёлую ситуацию, возникает естественное желание помочь. Вместе с тем, мы можем переживать ступор, не зная, как правильно поддержать близкого человека в беде. Какие слова найти и что сказать, чтобы не сделать хуже? Тема нашего эпизода
«Как поддержать близких людей или что делать, если «не переживай» не сработало».
Сегодня у нас в студии эксперт, замечательный психолог Жибек Кенжебаева.
А также наш друг, активист, подкастер Сэм
Жумуш күнүнүн аягында бүгүнкү күнгө коюлган иш-пландарды аткарбай калганыбыз жөнүндө байма-бай ойлор келет. Анан биз өзүбүздү жемелеп,ар кандай себептерин издөө менен убарабыз:достор же кесиптештер менен керексиз сүйлөшүүлөр, убакытты туура эмес пландоо, башкаруу. Күн тартиби ар кандай иштерге-жумуштарга толуп, тапшырмалардын тизмеси Супермендикиндей болсо да,дагы деле жетишсиз аракет кылып жаткандай сезимдер боло берет.Бирок,башкаларга (жана өзүбүзгө) сезилбесе да байкалган көптөгөн реалдуу жетишкендиктер бар.
Бизди кыйнаган бул кандай сезимдер? Келгиле, аны аныктап көрөлү.
Подкастыбызды жалгаштырып мынакей бешинчи эпизодубузга да жеттик. "Айтымбеле"," Эл эмне дейт",
" Элдин балдары " ,"Эркектер ыйлабайт" - эң тажаткан сөздөрдү талкуулап, эмне үчүн алардан арылуу кыйын экенин түшүнүүгө аракет кылабыз.
Эмоционалдуулук кичинекей балдарга гана таандык эмес.
Чоңдор да бир нерсеге кескин жооп берип, көйгөйлөрдү жүрөгүнө жакын кабыл алышы мүмкүн. Мисалы, катуу ыйлап, же катуу күлүп алышат.
Бирок бир айырмасы бар – биз чоңдор көбүнчө “чоңдор минтип жүрүшпөйт” деген ишенимден улам күчтүү сезимдерди өчүрүүгө аракет кылабыз.
Психологдор бул көрүнүштү ичтеги кичинекей баланы басуу, бекитүү деп аташат.
Биз сизге ичтеги кичинекей бала ким экенин айтып беребиз.
Ошондой эле, кантип жана,эң негизгиси, өзүңүздүн "кичинекей бала" бөлүгүңүздү кабыл алуу эмне үчүн маанилүү деген темага маек курабыз.
Бугун студияда эксперт, психолог Жумаказы Жуманазаров жана жарандык активист, дебатчы, Республикалык Дебат Борборунун президенти Умар Жансеркеев.
Кээ бир учурларда ата-эне менен тил табышуу кыйынга турат. Ата-эне балага ар дайым кам көруу менен мамиле жасайт, жана кээ бир учурларда ашыкча кам көрүдөн улам күтүлбөгөн кеңештерди бере башташат, өз көз караштарын таңуулоого аракет кылышат, майда-чүйдө нерселерге тынчсызданышат жана көбүнчө балдарында көз карандысыз, бойго жеткен адамдарды көрүүдөн баш тартышат. Бул байланыш ыкмасын өзгөртүү оңой эмес, бирок дагы эле мүмкүн.
Бала чоңоюп калган, өз пикири бар, жоопкерчиликти ала билген инсан болгонун жеткирүүсү үчүн ата-эне менен кантип сүйлөшүүсү керек? Бул тууралуу бүгүнкү эпизодубузда сөз кылмакчыбыз.
Студияда эксперт, психолог Жакшылык Жыргалбеков жана Жаштарды өнүктүрүү институтунун координатору Аксана Сеитова.
"Сени эч ким мындай мунозун менен күйөгө албайт", " ачууланба, сен кызсың!", "Жакшы кыздар тартиптүү болушу керек", "Унчукпа".
Сизге бул создор таанышпы?
Бизде көбүнчөсүндө кыздарды "жакшы бол — ошондо сага ийгилик жана бакыт болот"формуласы боюнча тарбияланат. Бул формула иштебей калганда кыйынчылыктар башталат - "жакшы кыздар" чоңоюп, өз чек араларын жана кызыкчылыктарын коргогону билишпейт, ачууланууга жана башка "ыңгайсыз" сезимдерине тыюу салышат, коомдо, жумушта, окууда активдуу болуудан тартынышат. Ыңгайлуу болуу эмне үчүн зыяндуу жана баарына жагууну кантип токтотсо болот?
Экинчи эпизодубуз - Жакшы кыз = ыңгайлуу кызбы? деген темага арналган
Бугун студияда эксперт, психолог Аида Жанышбекова жана жарандык активист Жибек Аскарбекова.
Салам достор! Сиздер менен Жаштарды өнүктүрүү институту, менин атым Айгуль, "БИРГЕ" подкастынын үчүнчү сезонун ачылды деп жарыяламын! Урматуу угармандарыбыз, силер чоң колдоо көрсөтүп, подкастыбызды улантууга себепкер болдуңуз, терең ыраазычылыгыбызды билдирип кетмекчимин. Анда месе БИРГЕ баштайлы!
Биринчи эпизодубуз Уят: тарбия берүү куралыбы же өмүр бою комплекстерби? деген темага арналган.
Уят-бул абдан күчтүү сезим, ал сезимден кээде жерге да кирип кеткиң келет.
Бирок ата – энелер баланы эл алдында жон эле уят кылышы мүмкүн: аларга ушундай тарбиялоо, баланын жүрүм-турумун ондоого жардам бергендей сезилет. Чын эле ушундайбы? Эгерде бизди көп учурда уят деп чонойтсо, биз чонойгондо жашообузда кандай көйгөйлөргө туш болушубуз мүмкүн? Ушул жөнүндө бүгүн конокторубуз менен маектешебиз.
Бүгүн студияда эксперт, психолог Аида Жанышбекова жана жарандык активист Айжаркын Элеманова.
Заманбап адамдар жубайлардагы же үй-бүлөдөгү мамилелердин сапатына көбүрөөк көңүл бурушат. Мамилеңизде баары өз жайында экенин, уулуу эмес экенин (уулуу деп токсичный деп которобуз э)жана инсандыгыңызды бузуп жатканын кантип түшүнсө болот? Эң кыйын
бөлүгү-уулуу мамилени кантип токтотсо болот? Мунун баары тууралуу бүгүн эпизодубузда сүйлөшөбүз.
Бугун бизде конокто психолог,эксперт Сумая Асанова жана
жарандык активист, блогер Роза Рысбек.
Бизде жарык да, көлөкө да бар, баарынын өз орду бар. Жакшылыксыз - жамандык болбойт, көлөкөсүз - жарык, аксыз - кара болбойт, бирок биз жаман көрүнгөн нерсени кабыл алгыбыз келбейт. Биз өзүбүздөгү ачык нерсени - жан дүйнөбүздүн караңгы тарабын - көлөкөнү четке кагабыз. Эгер сизди бир аз кызыктырып жатсаңыз, келгиле, аны түшүнүүгө аракет кылалы: биздин психиканын бул бөлүгү эмне? Ал кайда жашайт, бизге кандай таасир этет, аны кантип аныктоого болот жана аягында эмне кылуу керек? 6 эпизодубузда - Мен жана менин көлөкөм: биз сезген "жаман сезимдер" жөнүндө маек курабыз. Конокто - эксперт, психолог, Жаштарды Өнүктүрүү Институтунун программалык мүдүрү Зарина Узбекова жана жарандык активист, "Бирге" долбоорунун ментору болуп иштеп келген Арген Самаров.
Буллинг, же мектептеги кодулоо — азыркы гана ѳспүрүмдѳрдүн кѳйгѳйү эмес. 1910-жылы Венада атактуу окумуштуу Зигмунд Фрейд жана кесиптештери тарабынан уюштурулган мектеп чѳйрѳсүндѳгү зомбулукка каршы күрѳшүүгѳ арналган конференция болуп ѳткѳн. Фрейд мындай деп жазган: «… балдар зомбулуктун алдында алсыз калбашы үчүн жана жашоону сүйүшү үчүн мектеп бардык күч-аракетин жумшап, жашоосунун ата-энеси менен эмоционалдык байланыштары начарлап, ѳз алдынчалыкка бет алган учурларында аларга колдоо кѳрсѳтүүгѳ тийиш». Тилекке каршы, мектеп азыркыга чейин мунун натыйжалуу жолун таба элек. Эмне үчүн бул кѳйгѳйдү чечүү мынчалык кыйын экендигин, жана эмне себептен кишилер бири-бирин кодулаганын түшүнүүгѳ аракет кылып кѳрѳлү.
Студиябызда эксперт, психолог Нургуль Барпиева жана жарандык активист, блогер, смм адис - Канзада Абдирасулова
Сиздердин мактоо сөздөрүнүздү четке кагып: «Ооба, менде жөн эле жолум ачык экен» же «Менин кылган ишимде өзгөчө эч нерсе жок (а), муну ар ким жасай алчу» деп айткан адамдарды жолуктурганыңызга ишенем. Балким озүнүз да ошентесинер.
Бул чыгарылышта заманыбыздын эң кеңири тараган психологиялык кубулуштарынын бири – эрдемсинүү синдромун карайбыз. Бул көпчүлүккө тааныш сезим. Кээде жашоого тоскоол кылат экен.
Бизде конотко маек куруп өз убакытын бөлүп келген психолог, эксперт - Жакшылык Жыргалбеков жана жарандык активист, волонтер Айпери Акылбек кызы.
Бул эпизоддо биз стресске эмне үчүн муктажбыз (кээде бул пайдалуу экен!). Кантип күйүп кетүүдөн сактануу керек, эмне үчүн жоопкерчилик бизди начарлатат жана эстүүлүк тынчсыздануу менен күрөшүүгө кандайча жардам берет. Конокто Нургуль Барпиева - психолог, эксперт жана Адилет Мундус - активист, продюссер жана сценарист.
Мен абдан семизмин, өзүм теңтуштарымдан кичирээкмин, өтө арыкмын...
Баарыбыз тигил же бул жактан нааразыбыз. Бирок кээ бир жаштар үчүн бул толук жашоого тоскоол болгон жана ички гармонияны бузган олуттуу көйгөйгө айланат. Бул өзүн-өзү сыйлоонун катуу бузулушу жана натыйжада өзүн жактырбоо жана өзүн өзү четке кагуу маселеси.
Экинчи эпизодубузда менин денем – менин чечимим. Өзөбузду кантип кабыл алуу керек экенин жөнүндө сүйлөшөбүз. Конокто эксперт, психолог Нурзат Кубанычбек кызы жана жарандык активист, студент Нурхан Орозбеков.
Апам мени түшүнгүсү келбейт! Мен ага чоңойгонумду, өзүмө кам көрө аларымды кантип түшүндүрөм? Менде өзүмдүн 2-класста окуган балам бар, апам мени мектептеги кыздай урушат. Мындай жагдай сизге тааныш болуш керек.
Биринчи эпизодубузда биз көптөгөн жаштарды тынчсыздандырган маанилүү темалардын бири - ата-энелер менен балдардын ортосундагы мамиле жөнүндө сүйлөшөбүз. Конокто эксперт, психолог Аида Жанышбекова жана жарандык активист Гульзат Эргешбаева.
Бирге подкастынын жетинчи чыгарылышында толерантуулук жөнүндө талкуулоо жүргүздүк. Бугунку маектештерибиз Жибек Аскарбекова - жарандык активист, жана Тынчтык Бакытов - эксперт, психолог.
Конфликт деген эмне, анын кандай түрлөрү болот? Мына ушул сыяктуу суроолорго Бирге подкастынын коноктору жооп берүүгө аракет кылып, маек курушту. Бүгүнкү маектештерибиз Эмирлан Эсенбеков - жарандык активист, жана Нургуль Барпиева - эксперт, психолог.