Ата-эне менен баланын мамилеси же ар кандай көз-караштын айынан кантип ата-эне менен урушсуз маселесин чечуу керек.
Update: 2023-02-23
Description
Апам мени түшүнгүсү келбейт! Мен ага чоңойгонумду, өзүмө кам көрө аларымды кантип түшүндүрөм? Менде өзүмдүн 2-класста окуган балам бар, апам мени мектептеги кыздай урушат. Мындай жагдай сизге тааныш болуш керек.
Биринчи эпизодубузда биз көптөгөн жаштарды тынчсыздандырган маанилүү темалардын бири - ата-энелер менен балдардын ортосундагы мамиле жөнүндө сүйлөшөбүз. Конокто эксперт, психолог Аида Жанышбекова жана жарандык активист Гульзат Эргешбаева.
Comments
In Channel