Буллинг деген эмне? Курмандык болбоо үчүн эмне кылуу керек
Description
Буллинг, же мектептеги кодулоо — азыркы гана ѳспүрүмдѳрдүн кѳйгѳйү эмес. 1910-жылы Венада атактуу окумуштуу Зигмунд Фрейд жана кесиптештери тарабынан уюштурулган мектеп чѳйрѳсүндѳгү зомбулукка каршы күрѳшүүгѳ арналган конференция болуп ѳткѳн. Фрейд мындай деп жазган: «… балдар зомбулуктун алдында алсыз калбашы үчүн жана жашоону сүйүшү үчүн мектеп бардык күч-аракетин жумшап, жашоосунун ата-энеси менен эмоционалдык байланыштары начарлап, ѳз алдынчалыкка бет алган учурларында аларга колдоо кѳрсѳтүүгѳ тийиш». Тилекке каршы, мектеп азыркыга чейин мунун натыйжалуу жолун таба элек. Эмне үчүн бул кѳйгѳйдү чечүү мынчалык кыйын экендигин, жана эмне себептен кишилер бири-бирин кодулаганын түшүнүүгѳ аракет кылып кѳрѳлү.
Студиябызда эксперт, психолог Нургуль Барпиева жана жарандык активист, блогер, смм адис - Канзада Абдирасулова