Уят: тарбия берүү куралыбы же өмүр бою комплекстерби?
Description
Салам достор! Сиздер менен Жаштарды өнүктүрүү институту, менин атым Айгуль, "БИРГЕ" подкастынын үчүнчү сезонун ачылды деп жарыяламын! Урматуу угармандарыбыз, силер чоң колдоо көрсөтүп, подкастыбызды улантууга себепкер болдуңуз, терең ыраазычылыгыбызды билдирип кетмекчимин. Анда месе БИРГЕ баштайлы!
Биринчи эпизодубуз Уят: тарбия берүү куралыбы же өмүр бою комплекстерби? деген темага арналган.
Уят-бул абдан күчтүү сезим, ал сезимден кээде жерге да кирип кеткиң келет.
Бирок ата – энелер баланы эл алдында жон эле уят кылышы мүмкүн: аларга ушундай тарбиялоо, баланын жүрүм-турумун ондоого жардам бергендей сезилет. Чын эле ушундайбы? Эгерде бизди көп учурда уят деп чонойтсо, биз чонойгондо жашообузда кандай көйгөйлөргө туш болушубуз мүмкүн? Ушул жөнүндө бүгүн конокторубуз менен маектешебиз.
Бүгүн студияда эксперт, психолог Аида Жанышбекова жана жарандык активист Айжаркын Элеманова.